Кремлде жакынкы аралыкта Украина менен туткун алмашуу аягына чыгарына үмүттөнүп жатышканын басма сөз катчысы Дмитрий Песков "Интерфакска" 11-майдын кечинде билдирди.
11-май, АКШ президенти Дональд Трамп жарыялагандай, Орусия менен Украинанын атышпоо боюнча макулдашуусунун акыркы күнү. Трамп жана согушуп жаткан тараптар миңден туткунду алмашарын ырасташкан. Бирок 11-майда да алмашуу тууралуу эч кандай маалымат берилген жок.
Песковдун сөзүнө караганда, алмашууга даярдык уланып жатат, "тиешелүү кызматтар бул багытта иштеп жатышат". Кремлдин өкүлү алмашуу кайсы күнү болорун айткан жок. Украин тарап да туткун алмашуунун болжолдуу мөөнөтүн билдире элек.
Орусиянын президенти Владимир Путин 9-майдын кечинде Украинадан туткундардын тизмесин ала электигин билдирген. Украинанын өкүлдөрү тизме берилгенин жана алмашууга даяр экенин айтышкан.
Бирок атышпоо макулдашылган үч күн бою эки тараптан тең аткылоо токтобогонун Орусия да, Украина да кабарлаган. Ошондой эле фронт чегиндеги аймактарда да сокку уруу уланган, украин бийлиги аскерлер жана жай тургундар жаракат алганын кабарлашкан, жарадарлар тууралуу орусиялык аймактардын бийликтери да маалымдашкан.
Украин президенти Владимир Зеленский 11-майда фронтто согуш уланып келатканын, Украина Орусиянын жаңы чабуулдарына даярданып жатканын белгилеген. "Орусиянын бул согушту токтотуу ою да жок экенин көрүп турабыз, тилекке каршы, биз жаңы чабуулдарга даярданып жатабыз", -деди Зеленский.