12-майда эл менен жолугушуу учурунда Ноокат районунун акими Өрнөк айылынын тургуну менен кайым айтыша кетти. Жыпаргүл Ажиева аттуу жаран президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаевге айыл өкмөт башчысы боюнча даттанып, анын ишине нааразылыгын айтты.
“Айыл өкмөт иштебейт. Качан барсаң, жок. Бизде анын орун басары Мурат деген эле иштейт. Мен айыл өкмөт башчыга барып, “Балам, иштесең, иште. Болбосо кете бергин” дедим. Биздин айыл аймакта канча киши бар десем, билбейт. 28 миң калк бар”, - деди Ажиева.
Ал айыл өкмөт башчысын алмаштыруу талабын келтирди. Район акими Данияр Шейшеканов “адам баарына бирдей жагышы кыйын экенин” айтып, айыл өкмөт башчысынын ишине канааттануусун билдирди.
“Сиз дагы бирөөнө жагасыз, бирөөнө жакпайсыз. Адам болгондон кийин баарына текши жагуу мүмкүн эмес. Мен аким катары силердин айыл өкмөткө жогорку баамды берем. Силер бул жерде түз эфирде туруп адамды кемсинтпегиле. Макулбу? Жакшынакай ишин кылып жаткан баланы каралабагыла. Баары чеги менен болсун”, - деди Шейшеканов.
Президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, анын облустардагы өкүлдөрү жана шаар мэрлери 11-майдан тартып жер-жерлерде эл менен жолугушууларды өткөрүп жатышат.