Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Астана Ирандын өзөктүк маселесин чечүүгө көмөктөшүүгө даяр экенин билдирди. Ал мындай пикири менен 11-майда Бразилиянын тышкы иштер министри Мауро Виейра менен жолугушууда айтты.
Ак Ордонун маалыматына ылайык, ал жолугушууда Токаев Бириккен Улуттар Уюмун (БУУ) жана анын түзүмдөрүн реформалоо маселесин талкуулап, Бразилия менен эл аралык коопсуздук, өзөктүк куралсыздануу жана жапырт кыргын салуучу куралдарды жайылтпоо жаатында күчтү бириктирүү зарыл экенин белгилеген.
Казакстан менен Бразилия дүйнөдө уран кору эң көп болгон алдыңкы он өлкөнүн катарына кирет. Эки өлкө тең уранды тынч максатта пайдаланарын айтып келишет.
Токаев Виейра менен жолугушууда энергетика, тоо-кен металлургия комплекси, айыл чарба, инновация жана жасалма интеллект тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселесин да талкуулаган.
АКШ менен Ирандын ортосундагы согушту токтотуу боюнча сүйлөшүүлөрдө Ирандын өзөктүк программасы негизги маселелердин бири болуп турат.
Кошмо Штаттар менен Израил Иран уран байытуу программасы аркылуу өзөктүк курал жасап жатат деп эсептешет. Ал эми Тегеран уран тынч максатта гана колдонуларын билдирип келет.