Бекназаров: Мандат тапшыруу - "Ташиев толкунунун" уландысы
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Парламентте дагы бир депутат мандатын тапшырды. Темирлан Айтиевдин арызын БШК карап, канаттандырды. Депутат өзү мындай кадамга эмне себеп болгонун түшүндүргөн жок. Айтиев Жогорку Кеңешке №20 шайлоо округунан 9 миңден ашык добуш менен шайланып келген. 10-февралда Камчыбек Ташиев УКМКнын төрагасы кызматынан бошотулган соң, өлкөдө бир катар кадрдык өзгөрүүлөр болду. Парламенттеги соңку окуяларга байланыштуу “Азаттык” саясатчы Азимбек Бекназаров менен маек уюштурду.