Кара-Сууда Савай каналына түшүп кеткен келинди издөө уланууда

Савай каналы. Кара-Суу району. "Азаттыктын" архиви.

Кара-Суу районундагы Савай каналына агып кеткен 26 жаштагы келинди издөө 13-майда да уланды. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) маалымдагандай, келин аталган каналга түшүп кеткени 11-майда кабарланган. Куткаруучулар ошол күндөн тарта келинди издеп жатышат.

11-12-май күндөрү издөө иштерине ӨКМдин 12 куткаруучусу, 15 милиция жана 170тей жергиликтүү тургун тартылган. 13-май күнү кошумча дагы 32 куткаруучу тартылып, жалпы 200дөн ашуун адам издөө иштерин жүргүзүүдө.

Кыргызстанда сууга агып кетип ажал тапкан бир канча учурлар жылда катталат.

Буга чейин ӨКМ жана синоптиктер жаан-чачындуу аба ырайына байланыштуу дарыялар кирип, сел, суу ташкын коркунучу бар экенин эскертип келген.(ZKo)

Дагы караңыз

14-майдын аба ырайы: Ош, Ысык-Көл, Нарында жаан жаайтКамчыбек Ташиевге козголгон кылмыш иши сотко өттүТашиев менен кошо айыпталып жаткан жети кишинин жагдайы айтылды "75чилердин каты": Камчыбек Ташиевдин иши сотко өттү