Мунай ташуучулар биримдиги Кыргызстанда бир айлык запас бар экенин билдирди

Мунай ташуучулар биримдиги Кыргызстанга ташылган күйүүчү май баасы дагы эле өсүп жатканын билдирди. Биримдиктин төрагасы Канат Эшатов “Азаттыкка” маалымдагандай, Ормуз кысыгында кыймылга чектөө киргенден кийин АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин тоннасы 650 АКШ долларынан 950гө чейин өстү.

“Эң көп өсүш дизель майы боюнча болууда. Мурда бир тоннасы 700 доллардан келсе, азыр 1250гө чейин жетти. Бул дээрлик эки эсеге жакын. Орточо эсеп менен Кыргызстанда 30-35 күнгө жете турган запас бар. Ташып келүү убагында эле болуп жатат. Бирок логистика маселесинде Орусия менен Казакстандын темир жолдорунда тариф улам жогорулап жатат. Ошону биз дагы бир маселе катары айтканбыз”, - деди Эшатов.

Мунун алдында президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков күйүүчү майдын кымбатташына байланыштуу түшүндүрмө берген. Ал баанын өсүшүнө Жакынкы Чыгыштагы кырдаал себеп болгонун, учурда мамлекет мунайды өндүрүп, кайра иштетүү багытында активдүү иш жүргүзүп, “Кыргызнефтегаз” жана “Жунда” заводдорунда модернизация жүрүп жатканын айткан.

Мунай ташуучулардын маалыматында, күйүүчү майдын дүйнөлүк баасы акыркы убактарда 25-30% кымбаттады.

Кыргызстан өзү керектеген күйүүчү майдын 95% Орусиядан сатып алат. Соңку айларда Украина Орусиянын Кара деңиздеги жана Балтикадагы портторуна, мунай иштетүүчү заводдоруна улам сокку урууда.

Дагы караңыз

14-майдын аба ырайы: Ош, Ысык-Көл, Нарында жаан жаайтКамчыбек Ташиевге козголгон кылмыш иши сотко өттүТашиев менен кошо айыпталып жаткан жети кишинин жагдайы айтылды Бишкектеги суу каптаган жолдор маселеси парламентте көтөрүлдү