Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Кыргыз-түрк “Манас” университетинин аймагын аралап өткөн жол ачыла турганын билдирди. Бул тууралуу ал 13-майда журналисттерге уюштурулган пресс-тур учурунда айтты.
Ал соңку учурда бул маселенин басаңдап калганына түшүндүрмө берип, мэрия шаардын башкы планынын бекитилишин күткөнүн, эми алдыда долбоорлоо иштери баштала турганын тактады.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Бишкектин 2050-жылга чейинки башкы планынын долбоорун бекитип, мэрия жаңы картаны 11-майда жарыялады. Бул документте Миңжылкиев көчөсү “Манас” университетинин аймагын кесип өтүп, Манас проспектисине кошулары көрсөтүлгөн. Мындан тышкары Анарбек Бакаев көчөсү да окуу жайдын аймагына кирип, Тыналиевге кошулат.
Шаар башчы Жунушалиев Бакаев көчөсүн Аалы Токомбаев көчөсүнө чейин узартууну “келечектин иши” деди. Ал университеттин аймагынан өткөн жолдор Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы өкмөттүк келишимге каршы келбей турганын, “жолдун четине башка курулуштар да жүрөт” деген тынчсызданууга негиз жок экенин белгиледи.
Айбек Жунушалиев борбор калаадагы Тыналиев жана Айтматов көчөлөрүн байланыштыруучу Миңжылкиев көчөсү ачыларын быйыл апрелде билдирген. Бишкек мэриясынын демилгесине университеттин бир катар студенттери, бүтүрүүчүлөрү, айрым шаар тургундары каршы чыгып, маселе парламентте да көтөрүлгөн.
Социалдык тармактарда мэриянын демилгесине каршы чыккандар окуу жайдын аймагынан жол өткөрүү шаардагы жашыл аймакты кыскартат, коопсуздукка кедергисин тийгизет деген жүйө келтирген.