Киев: Орусия критикалык объектилерге абадан сокку урганы атат

2025-жылдын 18-июлу. Украина, Днепропетров облусу. ZU-23 зениттик жабдыгы. Асманды карап жаткан украин жоокери.

Орусия Украинанын критикалык инфраструктура объектилерине узак мөөнөттөгү абадан соккуларды баштады.

Бул тууралуу 13-майда Украинанын Коргоо министрлигинин Башкы чалгын башкармалыгы билдирди.

Мунун алдында Орусия Украинанын аймагына сокку уруу үчүн жүздөгөн учкучсуз учактарды учурганы тууралуу маалыматтар чыккан.

Мониторинг кылган каналдар учкучсуз учактар Беларус менен чек араны бойлой түндүк-батыш тараптан Украинанын тылдагы аймактарына, анын ичинде Киев, Черкассы, Житомир, Хмельницкий облустарын көздөй багыт алганын жазып жатышат.

Украинанын Чалгын кызматынын маалыматына караганда, Орусия соккулардын биринчи толкунда дрондорду абадан коргонуу системасына багыттоону көздөйт.

Андан кийин канаттуу жана баллистикалык ракеталар менен энергетика, аскердик өнөр жай, бийлик органдарынын имараттарын бутага алууну максат кылууда.

Чабуулдардын жаңы толкуну күтүлүп жатканын буга чейин украин президенти Владимир Зеленский да жазган.

Орусия тарап Украинанын билдирүүсүнө комментарий бере элек.

Телеграм каналдар 13-майда күндүз Украинанын аба мейкиндигинде 200дөн ашуун орусиялык учкучсуз учактар катталганын жазышты. Азырынча бул чабуулдардын кесепети тууралуу маалымат жок.

13-майга оогон түнү Орусия Украинанын бир нече облустарына жүздөн ашуун дрон менен сокку урган.

Орусия түндө 14 аймакта, аннексияланган Крымда, Азов жана Кара деңиз акваториясында Украинанын 286 дронун атып түшүргөнүн кабарлады.

Орусиянын Украинага "атайын аскердик операция" деп атаган негизсиз кол салуусуна 2026-жылдын 22-февралында туура төрт жылдын жүзү болду. Ошондон бери орус аскерлери Украинага күн сайын сокку уруп жатат. Бул мезгил аралыгында Украинада миңдеген киши бейажал өлүм тапты, миңдегени майып, качкын болуп, үй-жайсыз калды.

Москванын согушуна жооп иретинде Украина Орусиянын армиясынын каржы булагы деп эсептелген мунай заводдорун жана башка объектилерин маал-маалы менен бутага алып келет.

Дагы караңыз

"75чилер каты": Ташиев баш болгон сегиз кишинин соту жабык өтөтОрусиянын аткылоосунан Полтавада 6,5 миңден ашуун абонент жарыксыз калды