Орусияда мигранттардын калайман мушташынан 20дай адам жабыркады

Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын Ленинград облусунун Киров районундагы Приладожский айылындагы «Синявинская» канаттуулар фабрикасында Борбор Азия жана Түштүк Азия өлкөлөрүнөн келген мигранттардын ортосунда калайман мушташ катталды.

«Фонтанка» басылмасы Санкт-Петербург шаары жана Ленинград облусу боюнча Ички иштер башкармалыгына таянып жазгандай, жаңжалга болжол менен 60 адам катышкан.

Мушташтан кийин жабыркаган 20 киши ооруканага жеткирилген. Алардын жетөө оор абалда экени айтылууда.

Баштапкы маалыматтарга караганда, жаңжал Борбор Азия жана Түштүк Азиядан келген адамдардын ортосундагы оозеки чырдан улам чыккан.

Полиция мушташтын эң активдүү катышуучулары деп эсептелген 21 жаштан 39 жашка чейинки курактагы 12 чет өлкөлүктү суракка алып жатат.

Жаңжалдын катышуучулары кайсы өлкөлөрдүн жарандары экени такталган жок.

Дагы караңыз

Кыргызстанда эки жаңы банк түзүлдүСадыр Жапаров ШКУ өлкөлөрү туш болгон негизги көйгөйлөрдү атадыЫсык-Көлдө жер тилкелери боюнча маселе курч экени айтылды