БАЭ Нетаньяху согуш маалында өлкөгө келгенин четке какты

Израилдин өкмөт башчысы Биньямин Нетаньяху.

Бириккен Араб Эмирликтери (БАЭ) 13-майда Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Иран менен согуш учурунда өлкөгө келген деген маалыматты четке какты.

Ошондой эле БАЭ Нетаньяхунун кеңсесинин ал өлкөнүн лидери, шейх Мухаммед бин Заид Аль Нахаян менен «жашыруун» жолугушкан деген билдирүүсүн да төгүндөдү.

БАЭнин Тышкы иштер министрлиги билдирүүсүндө Израил менен болгон мамиле «ачык» экенин жана «жашыруун же расмий эмес макулдашууларга негизделбегенин» айтты.

«БАЭнин тиешелүү органдары расмий жарыялабаган жашыруун сапарлар же жабык келишимдер тууралуу бардык билдирүүлөр толугу менен негизсиз», — деп айтылат билдирүүдө.

Нетаньяхунун кеңсеси бул жолугушуу эки өлкөнүн ортосундагы мамиледе «тарыхый бурулушка» алып келгенин билдирген.

Reuters агенттиги өз булагына таянып, Нетаньяху менен шейх Мухаммед 25-апрелде Омандын чек арасына жакын Аль-Айн шаарында «бир нече саат бою» жолугушканын жазды.

Ошол эле булак Израилдин Mossad чалгын кызматынын башчысы Давид Барнеа да Иран менен согуш маалында аскердик координация маселесин талкуулоо үчүн БАЭге «кеминде эки жолу» барганын билдирген. Бул тууралуу алгач The Wall Street Journal басылмасы жазган.

БАЭ, айрыкча Иран менен согуш учурунда бир нече чабуулга кабылган соң, АКШ жана Израил менен байланышын бекемдеди.

АКШнын Израилдеги элчиси Майк Хакаби 12-майда Израил Иран менен согуш маалында Бириккен Араб Эмирликтерине абадан коргонуу системаларын жана аларды тейлеген күчтөрдү жөнөткөнүн билдирген.

БАЭ аймактагы негизги соода жана каржылык борборлордун бири катары саналат жана Вашингтондун маанилүү өнөктөшү деп эсептелет.

Ирандын АКШ жана Израилдин соккуларына жооп катары Перс булуңундагы өлкөлөрдөгү америкалык базаларга чабуул койгон.

Анын ичинде соккулар БАЭнин жарандык инфраструктурасына жана энергетикалык объектилерине багытталган.

Дагы караңыз

Аба ырайы: Нарын, Ысык-Көл облустарында жаан жаайтТрамп Си менен сүйлөшүү жүргүзүү үчүн Бээжинге бардыОрусияда мигранттардын калайман мушташынан 20дай адам жабыркады