Акыйкатчы институтунун ролун жогорулатуу боюнча мыйзам долбоору даярдалды

Жогорку Кеңеште Акыйкатчы институтунун ролун жогорулатуу жана анын баяндамаларына мамлекеттик мекемелерди реакция кылууга милдеттендирүү боюнча мыйзам долбоору сунушталды. Парламент төрагасы Марлен Маматалиев менен депутат Адилет Белеков демилгелеген долбоорду даярдоодо Акыйкатчы институтуна байланыштуу буга чейин эл аралык уюмдардын тынчсыздануусу эске алынганы жазылган.

Мыйзамга сунушталган өзгөртүүдө акыйкатчы жыл сайын парламентке өзүнүн иши жөнүндө баяндама жасап, ченемдик-укуктук актыларга талдоо жүргүзүү, даттанууларды кароо жана башка ишмердиги боюнча маалымат берет.

Институттун баяндамалары тиешелүү мамлекеттик органдарга алардын компетенциясына кирген маселелер боюнча кароо үчүн жөнөтүлөт. Алар документти алган күндөн тартып үч айдын ичинде карап чыгып, маалымат бериши керек.

“Сунушталган өзгөртүүлөр акыйкатчынын милдеттерин тактайт, отчеттуулук жана башка бийлик органдары менен өз ара аракеттенүү жаатындагы укуктук боштуктарды четтетет, ошондой эле Омбудсмен институтунун ишинин эл аралык стандарттарына (атап айтканда, Венеция комиссиясынын жана Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрдүн эл аралык ассоциациясынын) шайкеш келет”, - деп жазылган долбоордун негиздеме-маалымкатында.

“Акыйкатчы жөнүндө” мыйзамына буга чейин былтыр сентябрда өзгөртүүлөр кирген. Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбор жоюлуп, Акыйкатчы институтунун курамына киргизилет. Парламенттеги талкууларда борбор институттун функцияларын кайталагандан улам аны жоюу сунушу берилип жатканы айтылган.

Буга чейин бир катар эл аралык жана жергиликтүү укук коргоо уюмдары, жарандык коомдун өкүлдөрү тынчсыздануусун билдирип, Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борборду өз алдынча мекеме катары калтыруу сунушун беришкен.

Акыйкатчы институту адамдардын укуктары менен эркиндиктеринин сакталышын көзөмөлдөгөн көз карандысыз орган. Жогорку Кеңеш акыйкатчыны беш жылга шайлайт.

Дагы караңыз

Орусияда мигранттардын калайман мушташынан 20дай адам жабыркадыОрусиянын жапырт аба чабуулунан Киевде кеминде беш киши набыт болдуАба ырайы: Нарын, Ысык-Көл облустарында жаан жаайтТрамп Си менен сүйлөшүү жүргүзүү үчүн Бээжинге барды