Чүйдө унаа сүзүп кеткен беш адам каза болду. Алардын төртөө жаш балдар

Бишкекке танапташ Кашка-Суу айылында жол кырсыгынан беш адам каза болду. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 14-майда кечке маал Бишкек–Кашка-Суу жолунда Honda Torneo үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу катуу ылдамдыкта беш адамды сүзүп кеткен.

Мүрт кеткендердин төртөө - 14, 6, 4 жана 2 жаштагы балдар. Кырсык боюнча кылмыш иши козголуп, унаанын 22 жаштагы айдоочусу камакка алынды.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда 2025-жылы 8 456 жол кырсыгы болуп, андан 900 киши каза тапты. Дагы 12 миң 169 адам ар кандай жараат алды. Кырсыктарга автоунааны катуу айдоо, каршы тилкеге чыгуу, ичимдик ичип алып рулга отуруу жана айрым автожолдордун талапка жооп бербегени негизги себеп экени айтылып келет.

Дагы караңыз

Урматбек Самаев Токтогул районунун акими болдуВашингтондо Израил–Ливан сүйлөшүүлөрүнүн жаңы айлампасы өтүүдөУлуттук илимдер академиясында жетекчи алмаштыЖалал-Абад: Жашы жете электердин жыныстык кол тийбестигине кол салгандар көбөйгөнү айтылды