Бирок саммитте Украина менен Ирандагы согуштун аймакка тийгизген таасири, «Ортоңку коридор» жана Транскаспий мунай кууру сыяктуу да маселелер талкууланышы мүмкүн.
Башында тарыхы жана маданияты жакын өлкөлөрдүн бирикмеси катары түзүлгөн уюм аскердик жана экономикалык кызматташтыгын күчөтөбү? Бул интеграцияга Кремль кандай карайт? Ушул жана башка суроолорго Түндүк Кипрдеги Жакынкы Чыгыш университетинин профессору, Борбор Азия өлкөлөрүндөгү авторитаризм механизмдерин изилдеп жүргөн Асел Тутумлу жооп берди.
- Саммитин расмий темасы катары «Жасалма интеллект жана санариптик өнүгүү» көрсөтүлгөн. Бирок былтыр кабыл алынган Габала декларациясында аскердик кызматташтыкка артыкчылык берилип, уюмга мүчө эмес өлкөлөр менен байланышты чыңдоого багытталган «ТМУ+» форматы жактырылган эле. Украинадагы согуш жана Иран айланасындагы туруксуздукту эске алганда бул жыйын санарип маселелери менен гана чектелет деп ойлойсузбу? Технологиядан тышкары дагы кандай маанилүү темалар талкууланышы мүмкүн?
Асел Тутумлу
- Менимче, күн тартибинде бир нече маанилүү маселе бар. Биринчиден, санариптик өнүгүү. Бул негизги багыттардын бири. Анткени Борбор Азия мамлекеттери өздөрүнүн санариптик валюталарын өнүктүрүүгө активдүү киришти. Кыргызстан доллар жана сом менен байланышкан санариптик валютасын киргизип, аны ийгиликтүү ишке ашырды. Ошондой эле Өзбекстан да санариптик валюта түзүүнү караштырып жатат. Ал эми Казакстан жасалма интеллектти өнүктүрүүнүн пайдубалын түптөөдө. Өлкөдө азыртан эле Жасалма интеллект жана санариптик өнүгүү министрлиги иштеп жатат. Ошондуктан кабыл алынган мындай чечимдер мамлекеттик саясат деңгээлинде гана эмес, макроэкономикалык деңгээлде да координацияны талап кылат. Геосаясий кырдаалды эске алганда бул өтө актуалдуу.
Азыр мунай базарындагы бардык эсептер доллар менен жүргүзүлөт. Ошол эле учурда Казакстандын экономикасында орус рубли да кеңири колдонулат. Бул жагынан алып караганда криптовалюта жөн гана «акча адалдоонун» куралы эмес, байланыштарды чыңдоонун жана, эң башкысы, сооданы жеңилдетүүнүн жолу болушу мүмкүн.
Бул «Ортоңку коридордогу» көзөмөл-өткөрүү пункттарындагы тоскоолдуктарга, бажы декларациялары боюнча көйгөйлөргө жана Кытайдан Европа Биримдигине өтүп жаткан транзиттик жүктөрдүн отчеттуулугуна карабастан сооданы өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Ошентип, санариптештирүү «Ортоңку коридордогу» «кууш жерлерди» айланып өтүүнүн негизги куралына айланып жатат. Геосаясий контекстте бул багыттын мааниси башка маршруттарга салыштырмалуу кыйла өстү.
Айрыкча Орусия Казакстандын энергетикалык ресурстарын ташууну жана анын энергия базарларына чыгышын системалуу түрдө чектеп жаткан учурда бул өзгөчө маанилүү болуп жатат. Мисалы, Каспий куур консорциумундагы же Казакстандын энергиясын Германия сыяктуу өлкөлөргө жеткирген «Дружба» куурундагы тоскоолдуктарды айтса болот.
Демек, «Ортоңку коридор» маселеси саммиттин күн тартибиндеги негизги темалардын бири болмокчу.
Менимче, күн тартибинде санариптик валюта жана логистикадан тышкары экономикалык кызматташтык менен билим берүү маселелери да каралат.
Азыр Түркияда маанилүү өзгөрүүлөр болуп жатат. Мисалы, Түркия мурда болбогон жаңы кош дипломдук программаларды ар түрдүү университеттер менен ишке ашырууга уруксат берди.
Ошондой эле түрк мамлекеттеринен келген студенттер үчүн алмашуу программалары жана иш издеп келгендерге жеңилдетилген виза режими киргизилди. Бул конкреттүү маселелер дагы сүйлөшүүлөрдүн жана талкуулардын темасына айланары анык.
Бирок, менин оюмча, негизги көңүл «Ортоңку коридордун» алкагында сооданы жеңилдетүүгө жана эл аралык базарларга чыгуу мүмкүнчүлүгүнө бурулат.
Дагы караңыз
Бишкек саммити: Орусияны айланган ортоңку коридор, орток алфавит- Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев уюмдун алкагында Транскаспий түтүгүн курууну сунуштап жатат. Ал эми Өзбекстан Азербайжан менен Ташкент–Баку багыты боюнча өзүнчө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Азыркы геосаясий басым бул өлкөлөрдү жалпы стратегияга бириктире алабы же ар ким өз кызыкчылыгын көздөй береби?
- Менимче, белгилүү бир деңгээлде аракеттерди координациялоо зарыл. Бул жерде Түркия менен Азербайжан маанилүү роль ойнойт. Анткени алар негизги транзит өлкөлөр болуп эсептелет. Бүгүн Казакстандын ресурстарын Түндүк коридор аркылуу Кытайга жеткирүү мүмкүнчүлүгү бар жана бул багыт кайсы бир деңгээлде ийгиликтүү иштеп жатат.
Бирок бул маршруттар дагы эле кооптуу жана геосаясий жактан абдан пайдалуу деп айтуу кыйын. Ошондуктан Борбор Азия өлкөлөрүнүн көбү «Ортоңку коридорду» өнүктүрүүгө аракет кылып жатышат.
Мындан тышкары, Кытайдын колдоосу аркылуу Кыргызстан менен Өзбекстан тарапка, ошондой эле Казакстанга карай темир жолдор курулуп жатат.
Мисалы, Казакстан Актау жана Курук портторунун өткөрүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүдө.
Жалпысынан алганда Казакстан бул потенциалды күчөтүүгө кызыкдар экени ачык көрүнүп турат.
«Ортоңку коридордун» тийиштүү деңгээлде өнүкпөй жатышынын негизги себептеринин бири - алдын ала болжолдоого мүмкүн болбогон факторлордун көптүгү.
Буга чейин Казакстандын Каспий деңизи аркылуу жүк ташуу мүмкүнчүлүгү жетишсиз болчу. Эми президент Токаев түтүк куралы деп сунуш кылууда.
Бул түтүк аркылуу казак мунайы менен газын гана эмес, бүткүл Борбор Азиянын газын дагы ташыса болот. Бул аймактагы бардык өлкөлөрдүн кызыкчылыгына туура келет.
Дагы караңыз
Түрк тилдүүлөргө орток алфавит керекпи?Эми негизги суроо - муну кантип ишке ашырабыз?
Бул жерде Каспий деңизинин экологиялык көйгөйлөрүн, жаңы мунай-газ кендеринин ачылышын жана Орусия мындай долбоорлорду колдобой турганын эске алуу керек.
Мындан тышкары, Ирандагы согушту да унутпоо зарыл. Израил Иран армиясынын инфраструктурасын жок кылуу үчүн Каспий жээгине чейин жете алды.
Ошентип, биз түндүктөн да, түштүктөн да басым көрүп жатабыз. Мындай геосаясий шарт Транскаспий түтүгү сыяктуу ири жана узак мөөнөттүү инфраструктуралык долбоорлор үчүн ыңгайсыз болушу мүмкүн.
Ошого карабастан Каспий деңизи аркылуу баржалар менен жүк ташуу мүмкүнчүлүгүн киргизүү жана кеңейтүү маселеси саммиттин күн тартибинде сөзсүз болот деп ойлойм.
- Сиз айткан коркунучтардан тышкары Азербайжанга кандай баа берет элеңиз? Түркиянын жакын өнөктөшү катары ал уюмдун негизги оюнчуларынын бири болуп калды. Бирок өлкөдөгү демократиялык институттардын алсыздыгын эске алганда бийлик күтүүсүз алмашса Азербайжан Ормуз же Малакка кысыктары сыяктуу соода жолундагы «кууш аймакка» айланып калышы мүмкүн. Казакстан жаңы соода багыттарын Азербайжан сыяктуу бир гана өлкөгө көз каранды кылып түзүү менен ашыкча тобокелчиликке барып жаткан жокпу?
- Албетте, коркунуч бар. Бирок башка варианттарды карап көрсөк, Путин башкарган Орусияны же Кытай мамлекетин жана Коммунисттик партиясын алсак алар да анчалык артыкчылыктуу альтернатива эмес. Тилекке каршы, биз тандоо мүмкүнчүлүгү чектелген геосаясий туюкка кептелип калдык. Ошондуктан Азербайжан менен иштөө эң пайдалуу жол болуп жатат. Анткени бул өлкө салыштырмалуу туруктуу жана, эң башкысы, системалуу саясат жүргүзүүдө.
Азербайжан Транскаспий түтүгүн куруу тууралуу көптөн бери айтып келет. Алар Түркмөнстанга түтүктөрдү бириктирүү боюнча сунуш да берген. Бирок ошол кезде Түркмөнстан андан баш тарткан.
Мындан тышкары, Азербайжан абдан чоң флот түзүп алды. Казакстан Каспий жээгиндеги жүктөрдү ташуу үчүн Азербайжандын баржаларын ижарага алууга аргасыз болду.
Буга чейин Азербайжан «келгиле, бул альтернативдүү багытты өнүктүрөлү, жардам берүүгө даярбыз» деп айтып келгенде биз анча кызыгуу көрсөткөн эмеспиз.
Ички маселелерди эске албаганда, Азербайжан аркылуу өткөн маршрут азыр башка варианттарга караганда кыйла коопсуз.
Бул Азербайжан менен Түркиянын ортосундагы инфраструктуралык байланышка гана эмес, бул процесске АКШнын да катышып жатканына байланыштуу.
Азербайжан аймактык бүтүндүгүн калыбына келтирип, «Трамп коридору» же «Зангезур коридору» курулушу мүмкүн болгондон кийин биз альтернативдүү транспорт жолдорун өнүктүрүү мүмкүнчүлүгүн көрүп жатабыз.
Бул бизге жүктү Азербайжан аркылуу гана эмес, келечекте Армения чек арасы аркылуу Түркияга чейин жеткирүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Борбор Азиянын айланасындагы башка геосаясий коңшуларга салыштырмалуу Азербайжан кыйла туруктуу өнөктөш болуп саналат.
Ооба, бийлик алмашса кыска мөөнөттүү кыйынчылыктар жаралышы мүмкүн. Бирок мындай коркунуч Казакстанда да, Арменияда да бар.
Арменияда шайлоо жакындап калды жана Никол Пашинян жеңеби же жокпу, белгисиз.
Ошондой эле Бидзина Иванишвили жетектеген «Грузин кыялы» партиясынан улам Грузиядагы туруктуулук жана коопсуздук боюнча да белгилүү тоскоолдуктарды көрүп жатабыз.
Мындай туруксуздук демократиялуу өлкөлөр аркылуу транспорт жолдорун өнүктүрүүгө жардам бербейт.
Тескерисинче, бул аймакты ички саясатты катуу көзөмөлдөгөн жана Кытай менен Европанын ортосундагы транзиттик чөлкөм катары узак мөөнөттүү кызыкчылыгы бар күчтөр менен иштөөгө түртүп жатат.
- «Зангезур коридору» тууралуу айтсак, аны айрымдар «Трамп маршруту» деп да атап жүрүшөт. Сиздин оюңузча, бул долбоордун келечеги кандай? Трамп бийликтен кеткенден кийин бул долбоордун "жетим" калуу коркунучу барбы?
- Менин оюмча, Трамп бийликтен кетсе дагы бул долбоор токтоп калбайт. Албетте, ага көп факторлор таасир этет. Бирок жалпысынан Армения коомунда Карабакты кайра кайтарып алуу боюнча реваншисттик идеялар мурдагыдай күчтүү эмес.
Армян лоббиси мындай көз караштарды дагы деле колдошу мүмкүн. Бирок аймактагы бардык тараптар Армениянын коңшулары менен кызматташуусу табигый муктаждык экенин түшүнүп турат.
Айрыкча Армения жардам сураган же колдоого муктаж болгон учурда Орусиянын кийлигишпегени буга далил болду.
Ошондуктан Армениянын өкмөтү Евразия экономикалык биримдигинен акырындап алыстап, Европа Биримдигине жана жалпы Европага жакындашууга, ошондой эле Орусиядан башка өнөктөштөр менен сооданы диверсификациялоону чечти.
Ушундай эле тенденцияны Борбор Азия мамлекеттеринен да көрүп жатабыз.
Акыркы экономикалык көрсөткүчтөргө карасак, Казакстандын Орусия менен соодасы кескин азайбаса дагы биринчи чейректе 10–15% төмөндөдү.
Жыл аягында Евразия экономикалык биримдигинин көрсөткүчтөрү төмөндөгөн статистиканы көрүшүбүз мүмкүн.
Азыр бардык өлкөлөр соода жолдорун альтернативдүү коридорлор аркылуу кайра багыттоого аракет кылып жатышат. Бул Азербайжандын ролун күчөтүп, анын стратегиялык маанисин дагы да арттырууда.
Каспий деңизи дагы ушундай стратегиялык деңгээлге көтөрүлүп жатат.
Менимче, Армениянын өкмөтү муну жакшы түшүнөт. Ошондуктан Арменияда бийлик алмашса дагы «Зангезур коридору» кайра жабылат деп ойлобойм.
Бирок көп нерсе Орусиянын Армениядагы шайлоого кийлигишүүсүнө байланыштуу болот.
Орусия азыртан эле Арменияда Москвага ыктаган талапкерди активдүү колдоп жатат.
Ошондуктан өзгөрүүлөр болушу мүмкүн. Бирок ага карабастан Армения эли мурдагы келишимдерге кайтып барууга даяр эмес.
Анткени ошол учурда Орусия Армениянын өзүнө болгон берилгендигинен пайдаланып соода жана коопсуздук кепилдиктеринен өзү көбүрөөк пайда көрүп келген.
- Түрк саммитинен кийин Владимир Путин Астанага сапар менен келет. Сиздин оюңузча, Кремль бул уюмдун маданий клубдан геосаясий жана экономикалык биримдикке айланып баратканын кандай кабыл алып жатат?
- Түрк мамлекеттери уюмун экономикалык биримдикке айландырууга чоң кызыгуу бар. Буга геосаясий кырдаал гана эмес, объективдүү шарттардын өзү түрткү берип жатат.
Түрк мамлекеттери уюму башында, сиз айткандай, орток иденттүүлүккө негизделген институттардан гана турган.
Ал эми бүгүн бул бүт түрк мейкиндигиндеги саясатты координациялоого аракет кылган толук институт. Анын экономикалык бөлүгү бар, ал тургай көлөмү чакан болсо да өзүнүн инвестициялык фонду иштеп жатат.
Эң негизгиси аскердик кызматташтык. Азыр аскердик интеграция түздөн-түз уюмдун алкагында эмес, негизинен эки тараптуу мамилелер аркылуу жүрүп жатат.
Ошого карабастан анын мааниси абдан чоң.
Менимче, уюмдун жөн гана иденттүүлүк саясаты менен чектелбей, стратегиялык жактан экономикалык жана аскердик кызматташтыкка диверсификацияланышы мыйзам ченемдүү көрүнүш.
Азыркы геосаясий шартта бул процесс дагы күчөйт.
Ачык айтканда, акыркы эки жылда постсоветтик мейкиндикте Орусиянын абалы анчалык жакшы эмес.
Бул Украинадагы согушка же Армения менен болгон маселелерге гана байланыштуу эмес. Ошондой эле Орусия өзү курууну каалаган маанилүү стратегиялык объектилер үчүн керектүү каржыны таба албай жатканы менен да байланыштуу.
Эсиңизде болсо, Орусия Казакстанда үч көмүр электр станциясын курушу керек болчу. Бирок Москва азырынча бул долбоорлорду улантууга каражаты жетишсиз экенин айтып жатат.
Ошондуктан алдыдагы сапар учурунда ири каржылык инвестицияларды талап кылбаган, бирок Орусия катыша ала турган кызматташтык тармактары аныкталат деп ойлойм.
Бирок Орусиянын уран тармагындагы таасири дагы эле абдан күчтүү экенин унутпашыбыз керек.
Жакында эле Орусия Казакстандагы дүйнөдөгү эң ири уран кендеринин бирин өз көзөмөлүнө алды.
Демек, Орусиянын дагы эле өз артыкчылыктары жана мүмкүнчүлүктөрү бар. Бирок учурдагы каржылык көйгөйлөр анын масштабдуу аскердик жана экономикалык долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн чектеп жатат.
Менимче, күн тартибиндеги негизги маселе ушул болот.
- Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Түркстан саммитинин алдында Астанага мамлекеттик сапар менен келди. Эки жыл мурда сиз Түркия азырынча Казакстан үчүн Орусиянын ордун баса турган альтернатива боло албайт деп айткан элеңиз. Азыркы шартта Анкара менен Астананын мамилесинин динамикасын кандай баалайсыз?
- Мен дагы деле ошол пикирдемин. Мунун негизги себеби - Казакстандын көп багыттуу тышкы саясаты.
Бул саясат бардык тараптан бирдей аралыкта туруу дегенди билдирбейт. Тескерисинче, бардык тарап менен бирдей иштөөнү билдирет.
Дал ушул саясаттын аркасында, мисалы, Орусия уран кенин көзөмөлдөсө, түрк компаниялары Казакстанда учкучсуз аппараттарды өндүрүүгө лицензия алды. Мен муну «нишалык дипломатия» деп атаар элем.
Түркия Казакстандын экономикасынын айрым тармактарына кирүү менен биздин аскердик техникабыздын, анын ичинде дрон технологияларынын бир эле оюнчуга толук көз каранды болуп калышына жол бербей жатат.
Менимче, азыр система мындай иштеп жатат - биз экономикалык жана аскердик коопсуздугубуздун айрым бөлүктөрүн ар кайсы тараптарга бөлүп берип жатабыз.
Ошентип, ар бир өнөктөш өзүн ыңгайлуу сезет жана ошол эле учурда эч бир тармакта бир гана оюнчунун үстөмдүк кылышына жол берилбеген тең салмактуулук сакталат.
- Сиз Борбор Азиядагы авторитардык режимдерди изилдеп жүрөсүз. Түрк мамлекеттери уюмуна мүчө Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстанда «суперпрезиденттик» башкаруу формасынын элементтери бар экени айтылып келет. Сиздин оюңузча, уюмдун алкагындагы саясий жана экономикалык интеграция бийликтен кеткиси келбеген лидерлердин позициясын мыйзамдаштырууга жардам береби?
- Бул суроого «ооба» деп да, «жок» деп да жооп берсе болот.
Менимче, Түрк мамлекеттери уюмунда түрк биримдигине карата чоң кызыгуу бар. Бирок эл бул идеяны өтө күчтүү кабыл алат деп ойлобойм.
Көптөгөн сурамжылоолор көрсөткөндөй, адамдар «ооба, биз түрк тилдүүбүз» деп макул болушу мүмкүн. Бирок эгер бул иденттүүлүк аларга пайдалуу болбосо же анын реалдуу баалуулугун көрүшпөсө, анда аны негизги багыт катары колдобойт.
Ошондуктан уюм аймакта Түркия абдан каалап жана колдоп жаткан «пантүрк» иденттүүлүгүн толук калыптандыра алат деп айтууга болбойт.
Ошого карабастан, бул уюм ар кандай мүмкүнчүлүктөрдү түзүп жатат.
Мисалы, алмашуу программалары аркылуу казак жана кыргыз студенттеринин түрк университеттери менен байланышы күчөй турганы анык.
Бирок бул жалпы иденттүүлүк толук калыптанат дегенди билдирбейт.
Ошондой эле эл өз лидерлерин «түрк мамлекетинин өкүлү» катары кабыл алат деп айтуу кыйын.
Менимче, ТМУнун риторикасынан жана күчтүү түрк иденттүүлүгү идеясынан реалдуу пайда көрүп жаткан жалгыз адам ал президент Режеп Тайып Эрдоган.
Анткени аны «Адилеттик жана өнүгүү» партиясы гана эмес, Түркиянын өзүнүн «тамырына», башкача айтканда, түрк мамлекеттерине кайра жакындашын каалаган улутчул «Улуттук кыймыл» партиясы дагы күчтүү колдойт.
Эрдоган үчүн бул риторика абдан пайдалуу. Бирок Борбор Азия лидерлери үчүн мунун кандай пайдасы бар, көрүп турган жокмун.
Бул жерде лидерлердин стратегиялык багыттарындагы айырмачылыктар байкалат.
Мисалы, бейтарап саясат жүргүзгөн Түркмөнстан мындай масштабдагы түрк иденттүүлүгү тууралуу дээрлик айтпайт.
Тескерисинче, Түркмөнстан акырындык менен Түркиядан алыстоого аракет кылып жатат. Анткени бул өлкөнүн көп жараны Түркияда жана Түндүк Кипрде иштеп жүрөт.
Демек, бул иденттүүлүк маселесинде ички карама-каршылыктар абдан көп.
Жыйынтыктап айтканда, бул кырдаалдан утуп жаткан жана аны өз режимин бекемдөө үчүн пайдалана алган жалгыз адам — Эрдоган.
- Түркмөнстан сыяктуу эле Венгрия дагы байкоочу өлкө. Ал жакта жакында бийлик алмашып, Петер Мадьяр премьер-министр болду. Виктор Орбан бийликтен кетти. Европачыл саясатчы бийликке келгенден кийин Венгрия Түрк мамлекеттери уюмунан алыстап кетиши мүмкүнбү?
- Мадьярдын жеңиши Венгриядагы улутчулдар бийликтен кетти дегенди билдирбейт.
Виктор Орбандын бийлиги Батыш баалуулуктарына каршы турган улуттук эгемендик жана мажар иденттүүлүгү идеяларына негизделген болчу.
Азыр бийликке жаңы адам келди, бирок анын дагы мажар иденттүүлүгүнө жана көз карандысыздыкка болгон умтулуусу күчтүү.
Анын Орбандан негизги айырмасы коррупцияга каршы позициясында.
Ошондуктан, мен байкагандай, түрк иденттүүлүгүнө келгенде анын тышкы саясаты Орбандын багытына окшош бойдон калат.
Албетте, Орусия–Украина согушуна болгон көз карашы такыр башкача. Ал Украинаны ачык колдойт жана бул саясат түп-тамырынан өзгөрүшү керек деп эсептейт.
Ал тургай Венгрияда бөгөттөлгөн миллиондогон каражатты Украинага кайтарды. Бул чоң геосаясий бурулуш болду.
Бирок «түрк иденттүүлүгү» маселесинде Мадьярдын көз карашы Орбандан олуттуу айырмаланат деп ойлобойм.
Ал Украинаны колдогонуна карабастан мажар элинин ТМУ менен байланышын үзбөйт жана бул багытты колдоону улантат.