Улуттук илимдер академиясында жетекчи алмашты

Бекмамат Женбаев.

Улуттук илимдер академиясынын президенти Канатбек Абдрахматов кызматтан алынды. Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун мамлекет башчынын администрациясы 15-майда билдирди.

Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти Бекмамат Женбаев жаңы жетекчи болуп дайындалды.

Канатбек Абдрахматов академияны 2022-жылдын ноябрынан бери башкарып турду.65 жаштагы Бекмамат Женбаев биология илимдеринин доктору. Ал буга чейин мекеменин Биология-кыртыш институтунун директору болуп иштеген.

Улуттук илимдер академиясы бир нече илимий институттан турат. Бул мекеме 1950-жылдары негизделген. Кыргызстан эгемендик алгандан кийин улуттук деген макам берилген.

Дагы караңыз

Трамп Си Ормуз каттамын калыбына келтирүүгө жардам сунуштаганын айттыОштун облус башчысы эл менен жолугушуу учурунда УКМК кызматкерин зекидиЧүйдө унаа сүзүп кеткен беш адам каза болду. Алардын төртөө жаш балдарУкраина: Сот Ермакты камакка алуу чечимин чыгарды