АКШнын Мамлекеттик департаментинде Израил менен Ливандын сүйлөшүүлөрүнүн үчүнчү айлампасы башталды. Эки күндүк кеңешме тараптардын ортосундагы болочок келишимдин негизи болот деп күтүлүүдө.
Негизги маселелердин арасында ок атышууну токтотуу режимин узартуу, чек араны демаркациялоо, Израилдин аскерлерин Ливандын түштүгүнөн чыгаруу жана АКШ менен Израилде террордук деп таанылган "Хезболла" тобун куралсыздандыруу (Евробиримдик анын саясий партиясын эмес, аскердик канатын террордук деп тааныйт) бар.
Ошондой эле жер которгон ливандыктарды кайтаруу, Ливандын түштүк райондорун калыбына келтирүү жана келечектеги көзөмөл механизмдери талкууланууда.
Ливандын делегациясын өлкөнүн АКШдагы мурдагы элчиси Симон Карам жетектеди. Израил тараптын кызыкчылыгын Вашингтондогу элчи Йехиэл Лейтер коргоодо.
Сүйлөшүүлөр АКШ президенти Дональд Трамп жарыялаган Израил менен Ливандын ортосундагы үч жумалык тынчтык режиминин мөөнөтү аяктап жаткан учурда өтүүдө.
Тынчтык режими учурунда "Хезболла" Израилдин түндүгүнө учкучсуз аппараттар менен сокку урууну уланткан. Израил армиясы аталган топтун объектилерине соккуларды уруп келген.
Бейрут атышууну токтотууга жана Израилдин аскерлерин чыгарып кетүүгө жетишүүнү каалайт, ал эми Израил "Хезболланы" куралсыздандыруунун айкын планын жана Литани дарыясынын түштүгүндө буфердик зонаны сактап калууну талап кылууда. АКШ Израилдин позициясын колдойт жана, маалымат булактарынын кабарына караганда, топту куралсыздандыруу үчүн Ливан армиясынын атайын бөлүктөрүн түзүүнү талкуулап жатат.
"Хезболланын" башкы катчысы Наим Касем Израил менен түз сүйлөшүүлөрдүн болушун дагы бир ирет четке кагып, куралсыздандыруу маселесин Ливандын ички иши деп атады.