Сузак районунун Барпы айыл аймагынын тургуну Мамлекеттик ипотекалык компанияга жерин жана үйүн өткөрүп бергенин, ордуна кенемте алуу маселеси чечилбей жатканын айтты. Бул маселе президенттин Жалал-Абаддагы өкүлү Тилек Текебаев 15-майда эл менен жолугушкан учурда көтөрүлдү.
Анын айтымында, 2018-жылы сегиз сотых жер сатып алып, үй курушкан.
“Кийин бул жер “сноско” туш келип калды. Чогулушка барганда УКМКнын кызматкерлери Камчыбек Кыдыршаевич менен чогулуш болду, ордуна силерге үч бөлмөлүү батир берилет дешти. Кызыл китепти ошондо эле алып калышты. 2021-жылы октябрда мамлекетке өткөрүп бердик. Балам ошондон бери үй-бүлөсү менен жүрөт, үй бизге аябай керек”, - деди атын айтпаган жаран.
Мамлекеттик ипотекалык компаниянын аймактык башчысы бул жерлер боюнча мурдагы баалоо түшүнүксүз экенин жана кайра жасала турганын белгилеп, “ал жерде мурда үй болгонун көп кабаттуу турак жай жүрүп жатканда билишкенин” айтты. Ал ошондой эле үйдүн техникалык паспорту болбогонун, жери үчүн гана документи болгонун тактады.
Президенттин өкүлү Текебаев курулуш бүтө электе эле кыймылсыз мүлк алынганын эске салды.
“Үй салып баштап, техпаспортко жете электе эле “батир беребиз” деп мүлкүн алып коюп жатасыңар. Эми батир алалы десе техпаспорт алып кел десеңер, ал документ жок болсо, кандай болуп калат?”-деди Текебаев.
МИКтин аймактык жетекчиси бул маселени мыйзам чегине алып келүүгө аракет жүрүп жатканын кошумчалады.
Айыл аймактын башчысы Ислам Маматсабиров жалпы 1,64 гектар жер МИКке алынганын, андагы 13 турак жай жана соода объектилери болгонун айтты. Мүлк ээлери менен жыйын өтүп, аларга кенемте катары МИК батир бермей болгонун белгиледи.
“Башкы процедуралар каралбай эле иш башталып кеткен”, - деди айыл аймак башчысы.
Бул маселени карап чыгуу үчүн мурда түзүлгөн комиссиянын ишин кайра жандандыруу тапшырмасы берилди. Текебаев жарандарды жерге жана курулушка байланыштуу иштерди мыйзам чегинде жүргүзүүгө чакырды.
МИКтин сайтындагы маалыматка караганда жалпы 13 миң үй-бүлө батир алган, кезекте тургандардын саны 73 миңден ашуун. Курулуштар Бишкек жана Ош шаарларында, облус борборлорунда жүргүзүлүүдө.
Президент Садыр Жапаров жыл башында быйыл 20 миңден ашуун батир бериле турганын билдирген.