Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:12

Согуш башталгандан бери Орусияда жана Крымда 1400дөн ашуун жайкын тургун мерт кетти

Дрон соккусунан кийинки Белгород. (архив)
Дрон соккусунан кийинки Белгород. (архив)

Орусия Украинага кол салгандан бери аннексияланган Крымда жана Орусиянын өзүндөгү 27 аймакта 1400дөн ашуун жайкын тургун мерт кеткенин "Новая газета Европа" эсептеди.

183 адам быйылкы жыл башынан бери мерт кеткен. Бул былтыркы ушул аралыктагы көрсөткүчтөн дээрлик эки эсе көп. Жай тургундар негизинен дрон чабуулунан көз жумушкан.

Орусиянын мурдагы акыйкатчысы Татьяна Москалькованын быйыл январдагы маалыматына караганда, жай тургундардын бир бөлүгү Украинанын аскерлери 2024-жылдын августунан 2025-жылдын мартына чейин ээлеп турган Курск облусунда мерт болушкан.

Мурдараак 7х7 басылмасы ачык булактардан алып быйыл 23-февралга карата Орусияда (Крымды кошпогондо) 1200 адам мерт болгонун жазган.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) маалыматына ылайык, Украинадагы согуш башталгандан 2025-жылдын аягына чейин Украинада 15 миңдей жай тургун мерт болуп, 40 миңден ашуун адам жаракат алган.

Мерт кеткендердин так саны мындан да көп болушу ыктымалдыгы айтылууда.

Орусия Украинага 2022-жылы 24-февралда кол салган.


Шерине

XS
SM
MD
LG