Президент Садыр Жапаров 15-майда иш сапары менен Казакстанга барды, Түркстан шаарындагы Хазрет Султан аэропортунан аны өлкөнүн мамлекеттик катчысы Эрлан Карин тосуп алды.
Жапаров иш сапардын алкагында Түрк мамлекеттеринин уюмунун мамлекет башчыларынын бейрасмий саммитине катышат. Бул жыйынга уюмга мүчө мамлекеттерден Азербайжан, Казакстан, Түркия жана Өзбекстандын башчылары, ошондой эле байкоочу мамлекеттердин лидерлери барды.
Мындан тышкары “Жасалма акыл жана санариптик өнүгүү” аталышында иш-чара өтүп, анда Жапаров Кыргызстандын санариптик трансформацияны мыйзамдык жөнгө салуу, мамлекеттик санариптик платформаларды жана жарандарды электрондук тейлөө кызматтарын киргизүү, санариптик билим берүүнү өнүктүрүү тажрыйбасын тааныштырат.
Саммитте уюмдун биргелешкен долбоорлору, анын ичинде санариптик транспорттук коридор түзүү, эл аралык жүк ташуулардын электрондук документин киргизүү жана санарип экономика жаатындагы кызматташтык каралат.
2009-жылы 3-октябрда Азербайжандын Нахичеван шаарында өткөн жыйында Түрк кеңеши түзүлгөн. Башында Азербайжан, Түркия, Казакстан жана Кыргызстан негиздеген бул уюмга 2019-жылы Өзбекстан кошулган. 2021-жылы 12-ноябрда Стамбулда өткөн саммитте бирикме Түрк мамлекеттер уюму деп аталган. 2018-жылдан бери Венгрия, 2021-жылдан бери Түркмөнстан уюмдун ишине байкоочу катары катышып келет.