16-майда түнкүсүн өлкө аймагында жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ош, Баткен облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт, жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7…12, күңдүз 23…28
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 6…11, күндүз 23…28
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 13…18, күндүз 28…33
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 4…9, күңдүз 19…24
Нарын облусунда түнкүсүн 2…7, күңдүз 21…26
Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 8…10°, күндүз 26…28° болот.