Нарын облустук прокуратурасынын кийлигишүүсү менен ата-энеси жок 9 баланын турак жай укуктары калыбына келтирилди. Башкы көзөмөл органынын басма сөз кызматы 15-майда кабарлагандай, прокурордук чаралардын жыйынтыгында Кочкор районунда 5, Жумгал районунда 3 жана Нарын районунда 1 жетим балага турак жай куруу үчүн жер тилкелери бөлүнүп берилип, "кызыл китептери" тапшырылды.
Башкы прокуратура буга чейин да томолой жетим балдардын мыйзам менен кепилденген турак жай укуктарын коргоо ишин жүргүзүп, бир нече жаранга үй тургузуу үчүн жер тилкеси берилген.
Прокуратура бул багытта иштер мындан ары да улантыларын билдирүүдө.
Балдар кодексинин 13-беренеси жана Турак жай кодексинин 43-беренеси боюнча жетим балдар 16 жашка чыкканда үй менен кезексиз камсыз болууга укуктуу. Бирок мындай укугун балдар үйлөрүнүн жана интернаттардын бүтүрүүчүлөрүнүн 5% гана билерин 2021-жылы жүргүзүлгөн сурамжылоо көрсөткөн.
Өлкөдөгү 138 интернат, балдар үйлөрүндө 12 миңден ашуун бала тарбияланууда. Жыл сайын мындай мекемелерден 400-500дөй бүтүрүүчү чыгат.
Балдар үйүндө же интернатта тарбияланган балдарды кийин өз турак жайы менен камсыз кылуу милдетин мамлекет толук аткарбай жатканы тууралуу маселе байма-бай көтөрүлүп келет.
Балдар үйүнөн чыккан жетим балдарды турак жай менен камсыздоо маселесин президент Садыр Жапаров бир нече ирет айткан.
Томолой жетим балдардын өнүгүүсү үчүн "Келечекке салым" аттуу мамлекеттик балдар депозити киргизилген. Ага ылайык, ар бирине эсеп ачылып, ден соолугун, турак жай шарттарын жакшыртуу жана билим алуу укуктарын камсыз кылуу үчүн 18 жашка толгондо 500 миң сомдон акча каражаты берилет.(ZKo)