Президент Садыр Жапаров жарандардын ден соолугун ызы-чуунун зыяндуу таасиринен коргоо жөнүндөгү мыйзамга кол койду. Мыйзам менен бир катар кодекстерге өзгөртүүлөр киргизилген.
Ага ылайык, мыйзам жарандардын тынчтыгын бузуу фактылары боюнча милиция менен бирдей эле жергиликтүү бийлик органдарына да чара көрүүгө жол берет. Кварталдык комитеттер, жарандык коомдун өкүлдөрү жана жашоочулар тынчтыгы бузулганы боюнча акт түзүп, тиешелүү органдарга жөнөтө алышат.
Тынчтыкты бузуу же ызы-чуу салуу тартылган фото-видео материалдар жана атайын түзүлгөн актылар далил катары эсептелет.
Жаңы мыйзамда көп кабаттуу үйлөрдө жана тынчтыкты бузуудан корголууга тийиш болгон жайларда курулуш иштерин жүргүзүү да тынчтыкты бузуу деп эсептелет.
Мыйзам Жаңы жылдын келишин майрамдоо түнүндө жана мамлекеттик майрамдарда саат 22:00дөн 03:00гө чейинки убакытка колдонулбайт.
Бул мыйзамды Жогорку Кеңеш 8-апрелде кабыл алган. Демилгечилер анын максаты жарандардын ден соолугун катуу жана ашыкча ызы-чуунун зыяндуу таасиринен коргоо экенин билдиришкен.
"Тынчтык жөнүндө" мыйзамына 2024-жылы киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, иш күндөрү - саат 22:00дөн 07:00гө чейин, дем алыш жана майрам күндөрү - саат 22:00дөн 09:00гө чейин ызы-чуу кылууга тыюу салынат. Кафе-ресторандар жана башка салтанат жайларынын иши да саат 22:00 чейин чектелген.(ZKo)