Бирок иштин айрым жагдайлары ачыкталып, “бийликти күч менен басып алууга аракет кылган” деген топтун башында Камчыбек Ташиев, Нурланбек Тургунбек уулу, Курманкул Зулушев жана Бекболот Талгарбеков турган деген айып коюлганы белгилүү болду.
Негизинен бул иш президенттик шайлоону быйыл өткөрүү тууралуу 75 адамдын катына байланыштуу козголгону коомчулукка жашыруун эмес.
Бирок шектүүлөр бийликти күч менен алмаштыруу үчүн кандай иш-аракет кылган, мамлекетте чын эле реалдуу коркунуч жаралганбы деген суроолор көпчүлүктү кызыктырууда.
Жалпылап алганда Ички иштер министрлиги (ИИМ) сегиз адамга буга чейин коомчулукка ачыкка чыгып, кеп-сөз болуп келаткан маалыматтардын тегерегинде кине койгону айтылып жатат. ИИМ тергөөнүн жүрүшү, тагылган айып боюнча эч кандай маалымат бере элек.
Буга чейин Камчыбек Ташиевдин адвокаты Икрамидин Айткулов бул кылмыш ишине жашыруун деген гриф ыйгарылганын билдирген эле.
Кылмыш ишинде негизги фигурант болуп жаткан Камчыбек Ташиевге “анын негизги кызматтык милдети Кыргызстандын конституциялык түзүлүшүн коргоо, тышкы жана ички коркунучтарды алдын алуу экенине карабай президенттик кызматты күч менен алууга аракет кылган” деген кине коюлган. Мурдагы башкы чекист буга чейин “күнөөсү жок экенин, соттон акталып чыгарына ишенерин” билдирген.
ИИМ Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” жана “Бийликти күч менен басып алуу” деген өтө оор беренелердин негизинде ачылган ишти төрт айга жетип-жетпеген убакытта тергеп, сотко өткөрдү.
Соңку учурда Камчыбек Ташиев жана жакындарына сын пикир айтып келген журналист Адилет Айтикеев “Камчыбек Ташиевде бийликти күч менен алмаштырып коюуга мүмкүнчүлүгү болгон” деп эсептейт:
Адилет Айтикеев
“Мындай мүмкүнчүлүк Камчыбек Ташиев жана анын командасында бар болчу. Ошого аз эле калганы сырттан караганда деле көрүнүп турган. Парламенттеги депутаттардын үчтөн эки бөлүгү же мындан бир аз азыраагы Камчыбек Ташиевдин тарапташтары болчу. Алардын бир бөлүгү Камчыбек Ташиевди колдогон спикер баш болуп мандатын тапшырып кетишти. Экинчиден, Камчыбек Ташиевде УКМК жана анын өздүк курамы бар эле. Азыркы УКМК менен мурдагысын салыштырып болбойт. УКМКны “монстр” кылып жиберген. Өзү болсо вице-премьер-министр болуп турган. Эң негизгиси бул кишиде акча бар эле. Ушундай чоң-чоң мүмкүнчүлүктөр турган. Ушундан улам кызматтан алуу боюнча жарлыктар чыгып, баары ордуна келди окшойт деген ойдомун. Андан тышкары Жалал-Абад шаарын Манас деп өзгөртүп, ал жерге имараттарды куруп, борбор кылууга даярдыктар башталганын көрүп турбадыкпы”.
“75чилердин каты” социалдык тармактарга жарыяланып, андан ары Жогорку Кеңешке түшкөндө Нурланбек Тургунбек уулу спикер, Курманкул Зулушев парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин төрагасы болуп турган. Каттын тиешелүү комитетке жетишине мурдагы эки парламентарийдин тиешеси бар экени айтылууда.
Нурланбек Тургунбек уулу “75чилердин кайрылуусуна жана кол топтоосуна тиешеси жок” экенин айтса, Курманкул Зулушев азырынча үн ката элек.
Президент Садыр Жапаров - Камчыбек Ташиев тандемин ыдыратып, 10 чакты депутаттын мандатын тапшырып кетишине себеп болгон кылмыш ишине ИИМ “жашыруун” деген гриф коюп, эми соттук териштирүү жабык өткөнү турат.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Исхак Масалиев акыркы саясий окуялар боюнча пикири менен бөлүштү.
Исхак Масалиев
“Убагында Адахан Мадумаровдун да ишин жашыруун кылып карашкан. Бирок ишке байланыштуу маалыматтар ага чейин эле жалпыга маалымдоо каражаттарына чыгып кеткен. Аягында ишти жашыруун кылып бүтүрүштү. “Кемпирабадчылардын” иши да ушундай эле жашыруун каралып, аягында актап чыгарышты. Менин пикиримде, азыркы иште кылмыштын белгилери жок. 75 аксакал жеке пикирин жазып биринчи президентке, андан кийин Жогорку Кеңештин төрагасына кайрылып атат. Ал эми Камчыбек Ташиевдин оюнда эмне болгонун мен билбейм. Бирок сотту ачык өткөргөн туура болмок. Анткени шектүүлөр акталса “мына, сүйлөшүп алып чыгып кетти” дейт. Тескерисинче, соттоп жиберсе, “эч кандай далили жок соттоду” деген сөз болот. Дүйнөдөгү көптөгөн мамлекеттерде демократиянын белгиси – соттук отурумдардын болушунча ачык өтүшү. Эгерде улуттук коопсуздукка байланыштуу материалдар болсо, маселе жок, жабык кылыш керек. Ошондо да айрым гана маалыматтарга байланыштуу. Акыркы эки жылда сотторду жабык кылганга көнүп алышты”.
Камчыбек Ташиевге, Нурланбек Тургунбек уулуна жана Курманкул Зулушевге Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен кине коюлду.
Президенттик шайлоону быйыл өткөрүү боюнча катта аты аталган коомдук ишмер Бекболот Талгарбековго, Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси, мурдагы айыл чарба министри Эмилбек Узакбаевге, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Курманбек Дыйканбаевге, мурдагы вице-премьер, экс-депутат Аалы Карашевге жана ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановго “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен айып тагылды. Алар “кызматта турган адамдардын кылмыштуу аракетине көмөк көрсөткөн” деп шектелүүдө.
Нурбек Токтакунов
“Мыйзам боюнча иш сотто ачык каралышы керек. Кыргызстанда жабык каралган иштер жалпы иштердин көп болсо бир пайызын түзөт. Негизи бизде чыккынчылыкка байланышкан, улуттук коопсуздукка тиешелүү иштер жабык каралат. Андай өлкөдө жокко эсе. Ал эми азыр сөз болуп жаткан окуяда андай маалыматтар деле жок. Камчыбек Ташиев саясий күч болчу. Аны колдогон адамдардан тышкары, каржылык, маалыматтык да ресурсу бар. Азыр деле саясий күчү бар жана ошондуктан сотту жабык өткөрүү чечими кабыл алынды. Бирок президентке импичмент кылабыз деп кат жазышса да ал кылмыш эмес, болгону саясий сүйлөшүү. Кылмыш ишине “жашыруун” деген гриф коюп салгандыктан мындан башка эмнелер бар экенин билбейбиз”, - деди адвокат Нурбек Токтакунов.
Жактоочу жабык сот саясий соодалашуу үчүн бийликке да, Камчыбек Ташиевге да ыңгайлуу деп эсептейт.
Башта айтылгандай, Кыргызстанда саясий иштердин басымдуусу сотто жабык каралат. Алардын бири 30га чукул саясатчы, активист жана укук коргоочуга айып тагылган “Кемпир-Абад иши”.
Дал ушул иш боюнча айып тагылып, кийин Бишкектин Биринчи май райондук сотунда, андан кийин Бишкек шаардык сотунда акталган Жеңиш Молдокматов мындай деди:
Жеңиш Молдокматов
“Кылмыш-жаза кодексинде кайсыл иштер жабык, кайсыл иштер ачык сотто каралары так жазылган. Эгер жабык карай турган иш болсо да ал толугу менен мындай тартипте каралбай, айрымдары гана – мамлекеттик сыр бар, коопсуздукка байланыштуу жерлери жабык тергелет. Тилекке каршы, бизде ишти толугу менен жабык кароо прецедент болуп калды. Мисалы, “Кемпир-Абад ишинде” сыр боло турган эч нерсе жок болчу. Кыргызстанда коомдук-саясий иштер жабык каралбашы керек. Эгерде коомдук-саясий иш менен алектенип жүргөн адамдарга айып тагылса анын айыбын элдин алдында далилдеп бериш керек. Ошол эле Камчыбек Ташиевдин да соту ачык өтүшү зарыл. 75 адамдын каты, ага кол койгондор кандай аракет кылган, пландары эмне болуп ишке ашпай калган, эл билиши керек”.
Баса, Молдокматов айтып жаткан "Кемпир-Абад ишин" буга чейин Камчыбек Ташиев да оозанган.
Февралдан бери окуялар туурасында эки ирет гана билдирүү жасаган УКМКнын мурдагы төрагасы өзүнө тагылган айыптар негизсиз экенин жана сотто "кемпирабадчылар" сыяктуу акталарына ишенерин билдирген.
9-февралда мурдагы премьер-министрлер, парламенттин экс-депутаттары, саясатчылар жана коомдук ишмерлер болуп 75 адамдан турган топ президент Садыр Жапаровго жана Жогорку Кеңештин ошол кездеги төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна кайрылып, жакынкы убакта президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырган. Алардын айрымдары кийин кайрылуунун мазмунун окубай туруп эле ага кошулууга макул болгонун айтып чыгышкан.
Ички иштер министрлиги бул кайрылууга байланыштуу кылмыш ишин козгоп, анда аты аталган Бекболот Талгарбековду, Эмилбек Узакбаевди, Курманбек Дыйканбаевди, Аалы Карашевди жана Курсан Асановду кармап, алар камакта жатат.
“Эми бул иш аягы эмне менен бүтөт?” деген суроо көпчүлүктү кызыктырууда.
“2027-жылы президенттик шайлоо турат. Ага чейин өкүм чыгабы же чыкпайбы, азырынча белгисиз. Эгерде Камчыбек Ташиев “шайлоого барам” десе чечим чыгышы мүмкүн. “Жок, мен шайлоого катышпайм, тескерисинче, жардам берейин” десе соттук териштирүү алты айлап, бир жылдап жүрө берет. Кыргызстанда болсо шайлоодон жеңип чыккандардын мунапыс, ырайым берүү деген жакшы адаты бар”, - деди экс-депутат Исхак Масалиев.
10-февралда Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон. Андан кийинки маектеринде Жогорку Кеңеште депутаттар “президент жана атайын кызматтын кишиси” болуп бөлүнүү башталганын, кийин ал парламенттен сыртка чыкканын айтып, 75 адамдын кайрылуусун мисал кылган.