Миңден ашуун аялга "Баатыр эне" наамы ыйгарылды

"Баатыр эне" ордени.

Президент Садыр Жапаровдун 15-майдагы жарлыгы менен Кыргызстандагы 1045 аялга "Баатыр эне" наамы ыйгарылды. Алар жети жана андан ашык бала төрөп, чоңойтуп, тарбиялап жаткан энелер.

Ошондой эле алты бала төрөп, чоңойтуп, сыймыктуу тарбиялап жаткан 1023 аялга "Эне даңкы" медалы ыйгарылды.

Президенттин жарлыгы Кыргызстанда Энелер күнүн утурлай жарыяланды. Энелер күнү өлкөдө май айынын үчүнчү жекшембисинде белгиленет. Быйыл майрамдык дата 17-майга туш келет.

Кыргызстанда 1992-жылдан бүгүнкү күнгө чейин “Баатыр эне” орденин алгандардын саны 40 миңден ашты.

2026-жылдын 1-январынан тартып президенттин “Бала береке” төлөмү жөнүндө жарлыгы күчүнө кирген. Бул төлөмдү Кыргызстандын шарты катаал - бийик тоолуу, барууга оор болгон аймактарда туруктуу жашаган энелер төртүнчү жана андан кийинки балдарын төрөп, алар бир жашка толгондо алат.

Ага ылайык:
4-балага – 100 миң сом;
5-балага – 600 миң сом;
6-балага - 800 миң сом;
7-балага – 1 млн сом;
8-балага – 1 млн 200 миң сом;
9-балага – 1 млн 500 миң сом;
Онунчу жана андан кийинки баласын төрөсө 2 млн сом берилет.(ZКo)

Дагы караңыз

Ызы-чуу кылып, тынчтыкты бузгандар жоопко тартылатОрусиянын Рязан шаарында дрон чабуулу үч адамдын өмүрүн кыйдыНарын: Тогуз жетим балага үй курууга жер бөлүндүКазакстан менен Түркия ANKA аскердик дронун бирге чыгаруу келишимине кол коюштуСалижан Жигитовдон уланган сөз