"Кош бойлуу келин үч баласы жана сиңдиси менен каза болду". Кашка-Суудагы каргаша

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бишкектин четиндеги Кашка-Суу айылында беш кишинин өмүрү жол кырсыгында кыйылды. Алардын төртөө бир үй-бүлө мүчөлөрү, энеси жана балдары экени белгилүү болду. Маркум аталган айылга конокко барган. Бул окуядан кийин милиция 22 жаштагы айдоочуну камакка алды.

Кыргызстан адам өлүмү менен коштолгон унаа кырсыктары боюнча КМШда алдыңкы орунда турат. Жазаны, эрежелерди катаалдаштырып, айып пулдарды көбөйткөнү менен кырсыктарды азайтууга мүмкүн болбой келүүдө.

14-майда түштөн кийин Кашка-Суу айылы тараптан Бишкек шаарын көздөй келе жаткан Honda Torneo үлгүсүндөгү унаа жол четинде турган 29 жаштагы келинди жанындагы 6, 4, 2 жаштагы балдары жана 14 жаштагы сиңдиси менен кошо сүзүп кетип, бешөө тең каза болду.

Кырсык болгон жерге жардам бергени бара калган Кашка-Суу айылынын тургуну Нарине Иманалиева буларды айтып берди.

Нарине Иманалиева

“Мен чуркап келсем машина тээтиги жерде туруптур. Барып эле ушул турган бактын жанына токтодум. Ошол бактын жанында көмкөрөсүнөн кичинекей бала жатыптыр. Көрүнбөй деле калыптыр. Мен айтсам, бир бала чуркап келип алып чыгып, колдорун кармап жасалма дем алдырганга аракет кылды. Дем алып жатат деп милициянын машинасына салып кетишти. Калгандарынын баары кырсыктаган унаанын жанында экен. Бирөө алды жакта, бири каптал жагында жаткан”.

Жергиликтүүлөрдүн айтымында, Бишкекте жашаган маркум келин Кашка-Суу айылындагы бөлөсүнүкүнө конокко барган экен.

Каза тапкандардын сөөгү бүгүн 15-майда Өзгөн районунун Кызыл-Байрак айылында жерге берилгенин келиндин кайын эжеси “Азаттыкка” билдирди.

Кашка-Суу айылы

“Келиндин аты Сезим. Алардын үч баласы бар, 6 жаш, 4 жаш жана 2 жаш. Келиндин алты айлык боюнда бар болчу. Апам жакшы билет, азыр жерге берилет деп ошол жакта жүрүшөт. Келиндин жанындагы кыз анын бир тууган сиңдиси болот. Жерге берүү зыйнаты Өзгөн районунда болуп жатат. Апам келинди аябай мактачу”.

Кашка-Суу айылын аралап өткөн жол Ала-Арча сейил багына алып барат.

Бул жолго ылдамдыкты азайтуучу жасалма дөңсөөлөр коюлбаганына жергиликтүүлөр нааразы болуп келет.

Медер Толубаев

“Бул жерде кырсык көп болот. Эс алуудан кайткандар катуу келе жатып ушул бурулуштан багытын жоготуп, жолдун чет жагына чыгып кетишет. Бул жерге жол белгилерин коюш керек, жол дагы тар. Кечээ мен келсем тез жардам менен алып кетишкен экен. Үч баланы көргөм, бул жактан өтүп бара жатышкан. Бул жолго көзөмөл камераларын койсо жакшы болмок”.

Дагы караңыз

Ош - Гүлчө жолунда беш кишинин өмүрүн алган кырсык иликтенүүдө

Милиция унааны башкарып бара жаткан 22 жаштагы айдоочу кармалганын кабарлады. Мындан башка айдоочу тууралуу маалыматты тарата элек.

Аталган унаа катуу ылдамдыкта келе жатканы тартылган видео социалдык тармактарга тарап жатат.

Окуядан кийин жергиликтүү бийлик кырсыктарды алдын алуу үчүн жолго көзөмөл камераларын орнотуу маселесин карап жатканын айтууда.

Бактияр Асаналиев

"Биз дагы чара көрөбүз. Азыр эми сейил бакка чейин көзөмөл камераларды койсок деп жатабыз. Бул жолго жасалма дөңсөөлөрдү койгонго болбойт. Анткени бул жол аркылуу сырттан келген делегациялар да өтөт. Ошого байланыштуу жасалма дөңсөө койгонго болбойт", - деди Байтик баатыр айыл өкмөтүнүн башчысы Бактияр Асаналиев.

Дагы караңыз

"Автоунаа жардан кулап кеткен". Кара-Сууда бир айыл өкмөттөн төрт киши каза болду

Соңку убакта өлкөдө жол кырсыгы көп катталып, үрөй учурган көрүнүштөр орун алууда. Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда былтыр 8 456 жол кырсыгы болуп, андан 900 киши каза тапкан.

Дагы 12 миң 169 адам ар кандай жараат алган. Кырсыктарга автоунааны катуу айдоо, каршы тилкеге чыгуу, ичимдик ичип рулга отуруу жана айрым автожолдордун талапка жооп бербегени негизги себеп экени айтылып келет.