Ош - Гүлчө жолунун Кара-Суу районуна караштуу Баш-Булак айыл аймагындагы тилкесинде беш адам каза тапкан кырсыктын чоо-жайы иликтенип жатат.
Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгы (ОИИБ) билдирип, тийиштүү экспертизалар дайындалганын кабарлады. 13-апрель күнү саат 20:10 чамасында "Мерседес" жана "Хонда-Степ" үлгүсүндөгү эки автоунаа кагышкан. Натыйжада эки машиненин ичиндеги беш киши мерт кетип, алты адам ооруканага жеткирилген.
Милиция билдиргендей, "Мерседес" каршы тилкеге чыгып, катуу келе жаткан "Хонда-Степ" менен кагышкан.
"Мерседестин" айдоочусу - 19 жаштагы Т. О. жана эки жүргүнчүсү, ошондой эле "Хонда-Степ" унаасынын эки жүргүнчүсү ошол жерден жан берген.
"Хонда-Степ" унаасынын беш жүргүнчүсү, алардын ичинде 10 жаштагы бала Ош облустар аралык клиникасына жеткирилген.
Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда 2025-жылы 8 456 жол кырсыгы болуп, андан 900 киши каза тапкан. Дагы 12 миң 169 адам ар кандай жараат алды. Кырсыктарга автоунааны катуу айдоо, каршы тилкеге чыгуу, ичимдик ичип алып рулга отуруу жана айрым автожолдордун талапка жооп бербегени негизги себеп экени айтылып келет.
Кыргызстан унаа кырсыгынан каза тапкандар боюнча КМШда алдыңкы орунда турат. (ZКo)
Шерине