Тажикстандын Маданият күндөрү алкагындагы иш-чаралар Бишкекте жана Чолпон-Атада өтөт

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги жарыялаган сүрөт.

Кыргызстанда Тажикстандын Маданият күндөрү башталууда. Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин маалыматына караганда, 17–майдан 22-майга чейин өтө турган иш-чарага Тажикстандын 94 адамдан турган расмий жана чыгармачыл делегациясы катышат.

Эки элдин маданий байланыштарын чыңдоого жана достук мамилелерди тереңдетүүгө багытталган Маданият күндөрүнүн алкагында концерттик программалар, сүрөт көргөзмөлөрү, илимий-адабий жолугушуулар жана көркөм тасмалардын көрсөтүлүшү уюштурулат.

Иш-чаралар Бишкекте жана Чолпон-Атада уюштурулат.

Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада «Турсунзода жана Айтматов: тынчтыктын жана достуктун даңазалоочулары» аттуу илимий-адабий жолугушуу, Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр музайинде сүрөт көргөзмөсү ачылат, "Ала-Тоо" кинотеатрында «Өмүр керемет», «Рустам тууралуу баян», «Чындык издеп» тасмалары көрсөтүлөт.

Маданият күндөрүнүн расмий ачылышы 19-майда Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда, ал эми жабылышы 21-майда Чолпон-Ата шаарындагы "Рух ордо" маданий борборунда өтөт.

"Бул маданий иш-чаралар Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы маданий диалогду кеңейтүүгө, чыгармачыл кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана эки элдин достугун бекемдөөгө өбөлгө түзөт" , - деп белгиледи министрлик.

Кыргызстан менен Тажикстан ортосунда мамлекеттик чек ара маселеси чечиле элек болгондуктан адам өмүрү кыйылганга чейин барган бир нече жаңжал катталган.

2025-жылы 13-мартта Бишкекте Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасы жөнүндөгү келишимге эки өлкөнүн президенттери Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон кол койгон. Алар чек ара келишимин тарыхый деп баалашкан. (RK)

Дагы караңыз

Абитуриенттер үчүн жалпы республикалык тестирлөөнүн биринчи этабы башталдыЖугуштуу эмес оорудан каза болгондор боюнча көрсөткүч төмөндөөдө"Туруктуу кызматташтыкка багыт берүүчү жолугушуу". АКШ–Кытай мамилеси оңолуу жолуна түштүбү?Бишкек: Үч жылда айланма жолдор биригет. Тыгын азаябы?