Африканын борбордук бөлүгүндө жайгашкан коңшу эки өлкө Конго жана Уганда эбола вирусунун сейрек кездешүүчү "Бундибугйо" деп аталган штаммынын жайылышына байланыштуу Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун тынчсыздануусун жаратууда.
17-майда уюм эбола вирусунун жаңы түрүнүн жайылышын "коомдук саламаттыкты сактоодогу эл аралык деңгээлдеги өзгөчө кырдаал" деп атады. Олуттуулук даражасы боюнча абалды үч деңгээлдин экинчиси деп жарыялады.
Азырынча пандемия деп жарыялоого негиз жок экени белгиленди.
Конгодо, расмий маалыматка караганда, "Бундибугйо" жугузуп алды делген 88 адам каза болду. Жалпысынан 336 адам дарыгерлердин көзөмөлүндө турат, бирок ооруп жаткандардын чыгыны саны андан бир топ көп болушу мүмкүн деп айтылууда.
Өткөн жылдардагы эпидемиялар учурунда бул вирустук инфекцияга чалдыккандардын 25тен 90 пайызга чейинкиси каза болгон.
Эбола оорулуу адамдын же жаныбардын организминен чыккан суюктук соо адамдын денесине түз тийгенде жугат. Бейтаптын денеси ысып, алсырап, кусуп, булчуңдары ооруп, бара-бара ички органдары иштебей, ичинен кан кетет.
Конгодо эбола кайра пайда болгону тууралуу маалымат 15-майда чыккан. Ушуну менен бул өлкөдө 17-жолу эбола эпидемиясы катталууда. Буга чейин 2025-жылы 34 адам каза болгон. 2018-2020-жылдары илдет 2 300 кишинин өмүрүн алган. Жалпысынан 50 жыл ичинде эболадан Африкада 15 000ге жакын адам көз жумду.