Касымалиев мамлекеттик кызматкерлерди аба муздаткычсыз иштеп, жарыкты үнөмдөөгө чакырды

Адылбек Касымалиев аппараттык жыйында. Бишкек. 18-май, 2026-жыл.

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 18-майда Президенттик администрациянын аппараттык жыйынында мамлекеттик кызматкерлерди жайында мезгилде костюм, галстугу жок эле, көйнөк менен иштөөгө, муну менен электр энергиясын үнөмдөөгө чакырды. Ал Маданият министрлигине мамлекеттик кызматкерлер үчүн улуттук стилдеги кийимдердин үлгүсүн иштеп чыгууну тапшырды.

"Тез арада улуттук стилдеги кийимдердин элементтерин колдонуу менен үлгүлөрүн тигип келгиле. Муну киргизип жатканыбыздын бирден-бир себеби - электр энергиясын үнөмдөө. Анткени биз азыр костюм кийип, ошол эле учурда аба муздаткычтарды (кондиционер) иштетип коюп отурабыз. Эгер көйнөкчөн отурсак, аба муздаткычты өчүрүп коюп отурабыз. Мындан кийинки чогулуштарга костюмуңуздарды чечип эле келсеңиздер болот".

Жыйынга күрмөсүз, галстуксуз катышып отурган Адылбек Касымалиев мындай тажрыйба мурда Жапонияда болгонун, мындай демилге менен ал өлкөдө электр энергиясы кыйла үнөмдөлгөнүн айтты.

Министрлер кабинетинин төрагасы мамлекеттик кызматкерлерге костюм, галстуксуз жумушка келүүгө уруксат берген токтомго кол койгонун президенттик администрациянын маалыматтык саясат башчысы Дайырбек Орунбеков Фейсбуктагы баракчасына жазды.

"Анткени костюм жана галстук менен ысыган кызматкерлер иш бөлмөлөрүндөгү аба муздаткычтарда максималдуу деңгээлде иштеткен учурлар кездешет. Бирок бул мамлекеттик кызматкерлерге аба муздаткыч иштетүүгө тыюу салууну билдирбейт".

Орунбеков жазгандай, келечекте мамлекеттик кызматкерлер улуттук кийим үлгүсүндөгү формаларды кийиши мүмкүн. Ал эми протоколдук жана эл аралык иш-чараларда белгиленген дресс-код мурдагыдай эле сакталат.

2025-жылы Токтогул суу сактагычында суу аз топтолуп, ноябрдын башынан тартып Кыргызстанда калк үчүн электр энергиясынын кубаттуулугуна чектөө киргизилген. Бул чектөө 1-апрелден бери токтотулду.

Кыргызстан жыл сайын 17,5 миллиард кВт саат электр энергиясын колдонот деп эсептелсе, анын 14,8 миллиарды гана өлкөдө өндүрүлөт. Калган айырманы импорттун эсебинен жабууга туура келет жана электр жарыгын Түркмөнстандан, Казакстандан, Орусиядан, Өзбекстандан сатып алат. (ZКo)

Дагы караңыз

Жетим-Тоо кенин иштетүүгө инвестор изделип жататБишкекте Ташиев баштаган сегиз кишинин соту башталды "Агентство": Орус телеканалдары Москвадагы дрон соккусуна бир мүнөт бөлдүАлты жылда Кыргызстанда бөйрөк алмаштырган 84 операция жасалдыТашиевдин сотун жабык өткөрүүгө эмне себеп?