"Кыргызстанда абал мындай деп ойлогон эмеспиз". Бишкекке келаткан укук коргоочу киргизилген жок

Стив Свердлов

Укук коргоочу, АКШнын Түштүк Калифорния университетинин профессору Стив Свердлов 19-майда таңга маал Кыргызстанга учуп келип, бирок өлкө аймагына киргизилген жок. Ал “Манас” эл аралык аэропортунан кармалып, Түркияга депортация болду.

Кыргызстандагы укук коргоочулар Свердловдун депортацияланышын айыптап, ага карата киргизилген чектөөнүн алынышын талап кылууда. Чек ара кызматы америкалык укук коргоочунун өлкөгө киргизилбегенин ырастап, бирок себептерин түшүндүрө элек.

Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюмунун Ташкенттеги, Алматыдагы жана Бишкектеги кеңселерин жетектеген, учурда Түштүк Калифорния университетинин профессору Стив Свердлов 19-майда таңга маал Стамбулдан Бишкекке учуп келген. Бул жолу ал америкалык 16 студентти алып келип, Кыргызстандын тарыхы, маданияты, коому жана саясаты менен тааныштырууну максат кылганын айтууда.

Студенттер өлкөгө коё берилип, өзү артка кайтарылды.

Стив Свердлов студенттери менен Бишкекке учуп келгенде Чек ара кызматы аны өлкөгө киргизбей, депортациялай турганын айтканын "Азаттыкка" билдирди:

“Мен беш сааттан бери аэропортто кармалып турам. Миграция кызматынын өкүлдөрү мен Кыргызстанга кирүүгө тыюу салынган адамдардын тизмесинде экенимди түшүндүрүштү”.

Дагы караңыз

Укук коргоочу Стив Свердлов Кыргызстанга киргизилген жок

Свердловдун билдиришинче, мындай тыюу 2024-жылдан бери турганын айтышты:

"Мен бул жакка Түштүк Калифорния университетинин профессору катары кесиптик жумушум менен келдим. Мен америкалык студенттердин тобун алып келгем. Биз бул жерде Кыргызстандын коомун, маданиятын, саясатын изилдемекпиз, Жогорку Кеңеште, Акыйкатчы институтунда жана Юстиция министрлигинде болмокпуз. Адаттагыдай үчүнчү ирет jazz концертимди коймокпуз".

Профессор америкалык студенттерди Кыргызстанга буга чейин да бир нече ирет алып келгенин, мындай чектөө биринчи ирет болгонун билдирди.

Кыргызстандын Чек ара кызматы анын киргизилбегенин ырастады, бирок себебин түшүндүргөн жок. Чек ара кызматынын паспорт-виза боюнча бөлүмү Свердловдун Кыргызстанга кое берилбегенин ырастады:

"Биз тактап көрдүк. Тийиштүү органдар менен сүйлөштүк. Бул боюнча маалымат бере албайбыз, анткени маселе Чек ара кызматынын компетенциясына кирбейт", - деп билдирди мекеменин кызматкери "Азаттыкка".

Ошону менен катар ал чектөөнү ким киргизгенин айта албасын, транзит аркылуу учуп келген Стамбул аэропортуна депортациялана турганын кошумчалады.

"Мамлекеттик чек арадан өткөрүүдөн баш тартуу жөнүндө" актыны Свердловдун колуна Стамбул аэропортуна жеткенде тапшырышты. Анда Кыргызстанга киргизбөө себеби деген жерде "Кирүүсүнө уруксат жок" деп жазылып турганын көрүүгө болот. Негиздемеси деген жерде да "Кыргызстандын аймагына кирүү жабык" деп жазылган.

Буга чейин Свердлов 2024-жылдын жайында Кыргызстанга студенттери менен келип кеткен. Ал чөлкөмдөгү адам укуктарынын сакталышы боюнча иликтөөлөрдү жүргүзгөн.

Стив Свердлов Борбор Азия өлкөлөрүндө көп жыл иштеген укук коргоочу катары белгилүү. Бир нече жыл Human Rights Watch эл аралык уюмунун бул аймактагы иликтөөчүсү болгон.

Кыргызстандык укук коргоочулар анын кирбей калганына тынчсызданып, тиешелүү органдар ачык маалымат беришин талап кылууда.

"Бир дүйнө Кыргызстан" укук коргоо уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова Стив Свердлов мындай мамилеге кабылган биринчи адам эмес экенин айтты:

Төлөйкан Исмаилова

"Мурдагы өкмөт Human Rights Watch уюмунун иликтөөчүсү Мира Ритманды депортациялаган. Ош коогалаңы боюнча иш алып барган орусиялык укук коргоочу Виталий Понамаревго да чектөө кирген. Мындан тышкары былтыр декабрда Бишкекте өткөн эл аралык фестивалга келаткан Адам укуктары боюнча эл аралык федерация (FIDH) эл аралык укук коргоо уюмунун Европа жана Борбор Азия боюнча департаментинин директору Илья Нузов жана башка өнөктөштөрдү киргизбей койгон. Азыр дүйнө карап турат. 3-июнда БУУнун кеңсесинде Кыргызстан Коопсуздук Кеңешине кирүүгө аракет кылат, биз да буга жардам берип келатканбыз. Стив Свердловду Кыргызстанга кайтарып, гуманитардык ишмердигин жүргүзгөнгө тоскоолдук кылбаш керек".

Свердлов өзү Бишкекте кабылган окуяны өзүнүн укук коргоочулук ишмердүүлүгү менен байланыштырууда:

“Мени Кыргызстанга эмнеге киргизбей койгону белгисиз. Мен адам укуктарын коргоо менен алектенем. Мүмкүн ушул негиз болушу мүмкүн деп ойлойм. Буга чейин мен иштеп кеткен Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюмунун айрым кызматкерлерине да Кыргызстанга кирүүгө тыюу салынган. Кээ бир журналисттер да кире албай калышкан. Бирок биз Кыргызстанда абал мындай деп ойлогон эмеспиз”, - деди ал.

Стив Свердлов Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюмунун Ташкенттеги, Алматыдагы жана Бишкектеги кеңселерин жетектеген. Ал соңку жылдары изилдөөчү катары Борбор Азия өлкөлөрүндөгү адам укуктарынын абалы боюнча ой-пикирлерин бөлүшүп келет.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Jazz аркылуу тил табышкан укук коргоочу

Муну менен кошо музыкага кызыгып, jazz музыканты катары Бишкекте чакан концерттерди уюштурган.

Свердлов укук коргоочу катары аймактагы, анын ичинде Кыргызстандагы демократиялык процесстер, адам укугунун жана эркиндиктеринин корголушуна байланыштуу пикирин билдирип, кеп-кеңештерин айтып келген.

"Азаттыкка" курган соңку маектеринин биринде, мисалы, ал иликтөөчү журналист Болот Темировдун депортациясы эл аралык нормаларды бузат деген оюн билдирген. 2022-жылдын ноябрындагы ошол маегинде ал "эркин, бийликти ачык сындап жүргөн журналист Болот Темиров Орусияга депортация болгон күн Кыргызстанда адам укуктарына көлөкө түшүргөн эң караңгы дата болуп калды деп ойлойм" деп айткан.

Свердлов бир нече жыл кызматкери болуп эмгектенген Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюмунун Кыргызстан боюнча соңку баяндамасында 2025-жылы өлкөдө журналисттерге, көз карандысыз медиаларга жана укук коргоочуларга карата куугунтук күчөп, жарандардын сөз эркиндигине жана маалыматка жетүү укугуна олуттуу чектөөлөр киргизилгени белгиленген.

Дагы караңыз

HRW: 2025-жылы Кыргызстанда сөз эркиндигине басым күчөдү

Бул тууралуу 4-февралда жарык көргөн Human Rights Watch уюмунун жылдык баяндамасында айтылган.

Human Rights Watch өз баяндамасында Кыргызстандын бийлигин сөз эркиндигин коргоого, мыйзамдарды эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүүгө жана укук бузуулар үчүн жоопкерчиликти камсыздоого чакырган.

Кыргыз бийлиги өлкөдө сөз эркиндиги да, демократия да толук камсыздалганын айтып келет.

"Кабар" маалымат агенттигине 29-январда курган кыска маегинде президент Садыр Жапаров жарандар тигил же бул маселе боюнча ойлорун ээн-эркин билдирип, бийликке ачык эле сын айтып жатканын айткан. Ошол эле учурда ал сөз эркиндиги биринчи кезекте жоопкерчилик экенин эстен чыгарбоону эскерткен:

Садыр Жапаров

"Сөз эркиндиги да, демократия да бар. Мурда сөз эркиндиги кандай болсо азыр деле андан кем калбайт. Социалдык тармактагы баракчаларындабы, жалпыга маалымдоо каражаттарында болобу жарандарыбыз каалаганын каалагандай эле айтып жатат. Аларды “кой-ай” деген эч ким жок. Тигил же бул маселеге карата өз ойлорун ээн-эркин эле билдирип жатышат. Аны баары эле көрүп, окуп, бөлүшүп, зарыл дегендер чагылдырып эле жатпайбы. Азыр муну окугандар “айрымдарды укук коргоо органдары кармап кетип жатпайбы, адам укуктары бузулуп жатпайбы” деши мүмкүн. Сөз эркиндиги жана демократия деген биринчи кезекте жоопкерчилик экенин эстен чыгарбасак. Укук коргоо органдары сүйлөп же сындап койгондорду кармап жаткан жери жок. Кармалгандар сөз эркиндигине жамынып алышып, өлкөдө башаламандык болуп кетсе деп тымызын иш алып баргандар. Же ачыктан-ачык эле конституциялык түзүлүштү бузууга чакырык жасагандар. Аларды башынан сылап отуруш керекпи? Адамды камап коюш оюнчук эмес. Органдар соттун санкциясы менен атайын иш-чараларды жүргүзөт. Аудио, видео далилдерди чогултушат”.

Дагы караңыз

Президент “Мейкин” сыйлыгын тапшырууда өлкөдө сөз эркиндиги бар экенин кайталады

Президент блогерлер да, журналисттер да өз ишин эркин алып бара аларын айтып, алардын жоопкерчилигин эске салды. Бийликке нааразылык билдирем дегендерге Бишкекте Максим Горький сейил багына барууну сунуштаган.

Бишкектеги борбордук аянтта, административдик имараттардын, элчиликтердин алдында митинг өткөрүүгө тыюу салынганына төрт жылга чамалады.

Стив Свердлов азыркы тапта ишмердүүлүгүн академиялык жана эркин эксперттик чөйрөдө улантып жаткан адис. Ал АКШдагы Түштүк Калифорния университетинин (USC) Саясий жана эл аралык мамилелер кафедрасынын доценти. Ошону менен катар адам укуктары боюнча адвокат, Борбор Азия аймагына байланыштуу эркин изилдөөчү жана эксперт.