Reuters Орусиянын мунай жана газ кирешеси 40% өсүшү мүмкүн деп болжолдоодо

Фужайра мунай базасы. Иллюстрация сүрөт.

Орусияда быйыл май айында бюджетке мунай жана газдан түшкөн киреше өткөн жылдын май айына салыштырганда дээрлик 40% өсүп, болжол менен 700 миллиард рублга жетиши мүмкүн. Бул тууралуу Reuters агенттиги өзүнүн эсептөөлөрүнө таянып билдирди.

Агенттик мындай өсүштү Ирандагы согуш жана Ормуз кысыгындагы кризистен улам мунайдын дүйнөлүк баасы көтөрүлгөнү менен байланыштырууда. Мунай жана газ кирешеси Орусиянын бюджетине түшкөн каражаттын бештен бир бөлүгүн камсыз кылат. Ошол эле учурда апрель айына салыштырмалуу киреше салык төлөмдөрү өзгөргөнүнө жана мунайды кайра иштетүүчүлөргө берилүүчү субсидия көбөйгөнүнө байланыштуу болжол менен 17% кыскарат деп болжолдонууда.

Май айындагы өсүшкө карабастан быйылкы жылдын алгачкы беш айында Орусиянын мунай жана газ кирешеси, Reuters баамдагандай, өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырганда болжол менен үчтөн бир көрсөткүчкө азайып, үч триллион рублди түздү. Reuters ошондой эле 2025-жылы Орусиянын бюджетине мунай жана газдан түшкөн киреше 24% азайып, 8,5 триллион рублди түзгөнүн, бул 2020-жылдан берки эң төмөнкү көрсөткүч болгонун белгиледи.

Дагы караңыз

БУУ Кыргызстандын демилгеси менен чек ара талаштарын тынч чечүү тууралуу резолюция кабыл алдыМаркум Чубак Жалиловго "Кыргызстандын эл баатыры" наамы берилдиПольшада үч жаран Орусияга тыңчылык кылууга шектелип кармалды Достук бар, газ кууру дале жок. Путин Бээжинден куру жалак кайтабы?