АКШ президенти Дональд Трамп 20-майда Вашингтондун согушту токтотууга багытталган акыркы сунушуна Иран жооп бериши үчүн “дагы бир нече күн” күтүүгө даяр экенин билдирди. Бирок Тегеран “оң жооп бербесе”, кырдаал абдан тез курчушу мүмкүн экенин эскертти.
«Мага ишениңиздер, эгер туура жооп албасак, анда баары абдан тез болот. Биз толугу менен даярбыз», — деди Трамп Коннектикут штатындагы Нью-Лондон шаарында аскердик кадеттердин бүтүрүү аземинен кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип жаткан маалда.
Буга чейин ошол эле күнү АКШнын Жээк күзөтүү академиясында сүйлөп жатып, Трамп сүйлөшүүлөр ийгиликсиз болсо, Вашингтон Тегеранга каршы кошумча соккуларды урушу мүмкүн экенин айткан.
«Биз аларга абдан катуу сокку урдук. Балким андан дагы катуу сокку урууга туура келиши мүмкүн, балким кереги болбойт», — деген ал.
Ошондой эле Трамп Ирандын өзөктүк программасы боюнча позициясын дагы бир жолу кайталап, Тегеранга өзөктүк куралга ээ болууга жол берилбестигин айтты.
Бул билдирүүлөр Ирандын Тышкы иштер министрлиги Американын жаңы сунушун карап жатканын билдиргенден көп өтпөй жасалды.
Маалыматтарга караганда, сунуш Пакистандын ички иштер министринин Тегеранга сапары учурунда пакистандык ортомчулар аркылуу жеткирилген.
Кийинчерээк Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу АКШ кайрадан сокку урса, жаңжал “аймактын чегинен чыгып кетиши мүмкүн” экенин эскерткен.