Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:37

Көк бөрү боюнча Жеңиш кубогу: "Намыс" менен "Ынтымак" финалга чыкты

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Көк бөрү боюнча 9-май – Жеңиш күнүнө арналган мелдеште жогорку лигада Нарындын “Намыс” жана Таластын “Ынтымак” командалары финалга чыкты.

Жогорку лигадагы командалар эки тайпага бөлүнүп, “Ынтымак” “Достук” жана “Бийиктик” командаларын утту. “Намыс” “Сары-Өзөн” менен “Шахтёрду” жеңип финалга чыкты.

Финал 23-майда болот. Оюндар Таластагы Райкан Алканов ат майданында өтүп жатат.

Адатта Жеңиш кубогу 9-майда өтөт. Бул жолу турнир 19-майда башталды. Мунун себеби расмий түшүндүрүлгөн жок. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG