Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков акыркы 10 жылдын ичинде Ысык-Көлдө суунун деңгээли 47 см чейин түшкөнүн билдирди. Бул тууралуу ал 21-майда журналисттерге айтып, маселени чечүү үчүн долбоорлор даярдалып жатканын белгиледи.
“Ысык-Көлдүн тегерегинде тамчылатып сугаруу системасын киргизиш керек. Ошондо Ысык-Көлгө куюп жаткан 60тан ашык дарыянын суусу көлгө толук кирет. Андан тышкары эс алуу жайларынан, автоунаа жуучу жайлардан чыккан сууну кайра иштете турган долбоор иштеп жатабыз”, – деди ал.
Ысык-Көл – дүйнөдөгү эң чоң 30 көлдүн бири. Жердеги эң терең көлдөрдүн тизмесинде жетинчи орунда. Деңиз деңгээлинен 1608 метр бийиктикте турат. Көлдүн аянты 6124 чарчы чакырым. Узундугу 182, туурасы 60 чакырым.
Ысык-Көлгө бир жылда алты миллиард куб/метр суу куят. Анын 2 млрд куб/метри жамгыр аркылуу, 2 млрд жер астынан, калганы өзөн суулардан топтолот.
Ысык-Көлгө Барскоон, Жууку, Чоң-Кызыл-Суу, Жети-Өгүз, Каракол, Ак-Суу, Түргөн, Түп жана Чоң Ак-Суу суулары куят. Мурун көлгө 118ге чейин чоң жана майда суу келип кошулса, акыркы он жылда алардын саны 30га чейин кыскарган.
Соңку байкоо боюнча Ысык-Көл жарым метрге тайыздап, жээги 5-10 метрге чейин тартылган. Жаз-жай айларында көлгө куйган өзөн-сайлар кургап калууда. (BTo)
Шерине