Орусия Беларустагы машыгууга ядролук дүрмөттөрүн жеткирди

2024-жылы Орусия жана Беларус биргелешип өткөргөн машыгуу тууралуу орус Коргоо министрлиги жарыялаган видеодон кадр.

Орусиянын Коргоо министрлиги биргелешкен өзөктүк машыгуу алкагында Беларустагы ракеталык бригаданын көчмө пункттарына өзөктүк ок-дары жеткиргенин билдирди. Бул тууралуу маалыматын мекеме 21-майда жарыялады.

Анда айтылгандай, беларус аскерлери "Искандер-М" ыкчам-тактикалык ракеталык комплексине атайын ок-дары алуу, аларды ракета алып жүрүүчүлөргө жүктөө жана учурууга даярдануу үчүн белгиленген аймакка жашыруун жетүү боюнча окуу-аскердик тапшырмаларды аткарууда".

Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы ошондой эле ок-дары ташылып бараткан видео жарыялады.

19-майда Орусия 21-майга чейин "агрессия коркунучунда өзөктүк күчтөрдү даярдоо жана колдонуу боюнча" машыгуу өткөрүлөрүн билдирген.

Машыгууга 64 миңден ашуун аскер кызматкери жана 7,8 миңдей техника, анын ичинде 200дөн ашык ракеталык жабдык, 140тай учуучу аппарат, 73 кеме жана суу астынан сүзүүчү 13 кайык тартылары кабарланган.

2023-жылы Орусия Беларустун аймагына тактикалык өзөктүк курал жайгаштырган. Ошондон бери биргелешкен машыгуу үчүнчү ирет уюштурулууда.

Маалыматтарга караганда, Беларустун аймагына ондогон өзөктүк дүрмөт жеткирилген. Ал жакта өзөктүк заряд алып жүрүүгө жөндөмдүү орусиялык орто аралыкка атуучу "Орешник" ракеталык комплекстери да жайгаштырылганы кабарланган.

Дагы караңыз

Орусияда дрон тийген мунай заводу өрттөнүп жатат, эки адам каза болгону айтылдыТрамп Тегеран "оң жооп бербесе", кырдаал курчушу мүмкүн экенин эскерттиКөк бөрү боюнча Жеңиш кубогу: "Намыс" менен "Ынтымак" финалга чыкты№18 кесиптик лицейде мугалим окуучуларды сабаган окуя иликтенүүдө