Астана соту Украинага "Газпромдон" 1,4 млрд доллар өндүрүүгө уруксат берди

«Нафтогаз» компаниясынын эн белгиси.

Астана эл аралык каржы борборунун соту Орусиянын улуттук «Газпром» компаниясынан украиналык «Нафтогаз» компаниясынын пайдасына 1,4 миллиард доллардан ашык каражат өндүрүүгө уруксат берди.

Талаш 2019-жылы Украина аркылуу Орусиянын газын ташуу боюнча түзүлгөн келишимден улам чыккан.

2022-жылы согуш башталгандан кийин «Сохрановка» станциясы аркылуу транзит токтогондо, «Газпром» кызмат акысын толук төлөөдөн баш тарткан. Андан кийин «Нафтогаз» эл аралык сотко кайрылган.

2025-жылдын июнь айында Швейцария соту «Газпромду» карызды, пайыздарды жана сот чыгымдарын төлөөгө милдеттендирген. 2026-жылдын январында Швейцария соту «Газпромдун» апелляциялык арызын канааттандырган эмес.

2026-жылдын 15-майында Астана эл аралык каржы борборунун соту бул чечимди таанып, анын Казакстан аймагында аткарылышына уруксат берген.

Сот эл аралык арбитраждык чечимдерди таанууга жана аткарууга укуктуу экенин белгилеген.

«Бул арбитраждык чечимди өзүнчө юрисдикцияда аткарууга мүмкүнчүлүк берген биринчи ачык чет өлкөлүк сот чечими болду. Биз дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө Орусиянын газ монополиясынан компенсация өндүрүү боюнча системалуу аракеттерибизди улантабыз», — деген «Нафтогаздын» жетекчиси Сергей Корецкий.

Дагы караңыз

Ташиевге тиешелүү "Регион ТВ" кимге өттү?Президенттин мурдагы жардамчысы Жаныбек Кубандыков кармалды