Орусиянын бир нече шаарында Мусулмандар дин башкармалыгынын өкүлдөрү кармалганы маалым болду. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазышты.
Маалыматтарга караганда, кармоолор Москва, Саранск, Санкт-Петербургда жана Саратовдо өткөн. Кеминде алты киши кармалганы айтылууда.
Алардын арасында Мордовиянын муфтийи Абдулмалик (Раил) Асаинов жана Карелиянын мурдагы муфтийи Висам Али Бардвил бар.
Кармоолордун себептери расмий айтылган жок. Азырынча укук коргоо органдарынан жана Мусулмандардын дин башкармалыгынын жетекчилиги комментарий бере элек.
Орусиялык маалымат каражаттары буга чейин Мусулмандардын дин башкармалыгы коомдук талкуу жараткан бир катар демилгелерди жана билдирүүлөрдү жасаганын эске салышууда.
Атап айтканда, башкармалык Орусия мыйзамдары бир гана аял алууга уруксат бергенине карабастан, мусулмандар арасында көп аял алууга жол берилет деген фатва чыгарган. Кийин аны жокко чыгарган.
Мындан тышкары, мусулман курьерлерге адал эмес азыктарды жеткирүүдөн баш тартууну сунуштап, хижаб кийүүнү коргоп келген. Уюм хижабды "Орусия мусулмандарынын салттуу кийими" деп атаган.
Буга чейин муфтият президент Владимир Путинге кайрылып, турак үйлөрдө жамааттык намаздарды жана диний жөрөлгөлөрдү өткөрүүнү чектеген мыйзам долбооруна кол койбоону өтүнгөн.