Пакистандын армиясынын башчысы Асим Мунир 21-майда Тегеранга барары күтүлүүдө. Ал Иран менен АКШнын сүйлөшүүлөрүн кайра жандандыруу аракетин көрөт. Бул тууралуу Ирандын жарым-жартылай расмий ISNA агенттиги билдирди.
Маалыматка караганда, фельдмаршал Асим Мунирдин сапары Исламабаддын Тегеран менен Вашингтондун ортосунда ортомчулук кылуу аракеттеринин алкагындагы кеңешмелеринин бир бөлүгү болуп саналат.
Учурда Пакистандын ички иштер министри Мохсин Накви да Тегеранда ирандык жетекчилер менен жолугушууларды өткөрүүдө. Ал Иран баш калаасына кайра 20-майда барган. Андан эки күн мурда да Накви Тегеранда болгон.
28-февралдагы Америка менен Израилдин аба соккуларынан кийин Иран менен АКШнын ортосундагы расмий сүйлөшүү айлампасы Пакистанда өткөн. Ошондон бери Исламабад эки тараптын ортосундагы негизги байланыш каналдарынын бири болуп келет.
Эгер Мунирдин сапары тууралуу маалымат ырасталса, анда бул анын апрель айынан берки Тегеранга экинчи сапары болот.
Ал буга чейин 15-апрелде жогорку даражалуу аткаминерлер менен бирге Ирандын борборуна барган.