Казак редакциясынын иликтөөсүнөн кийин "Азаттыктын" эки сайты ачылбай калды

Иликтөөдө президент Касым-Жомарт Токаевдин аты аталган. Коллаж сүрөт.

Казакстандын бир нече чөлкөмүндө 18-майдын кечинен бери “Азаттык” радиосунун казак редакциясынын жана “Азаттык Азиянын” сайттарына кирүү кыйын болуп калганы кабарланууда.

Казакстандык колдонуучулар сөз болгон ресурстарды смартфондордон жана компьютерлерден ачуу мүмкүн болбой калганын айтышат. Ар кандай провайдерлердин абоненттери да кыйынчылыктарга туш болууда.

Мындай чектөө казак кызматы менен “Азаттык Азия” «ВД Строй-Инжиниринг» курулуш компаниясы тууралуу иликтөө жарыялагандан кийин болуп отурат. Анда компаниянын түптөөчүлөрүнүн арасында президент Касым-Жомарт Токаевдин туугандарынын өнөктөштөрү жана кесиптештери бар болушу мүмкүн деп айтылган.

Журналисттер сөз болгон компания Токаев 2019-жылы президенттикке келгенден кийин көп миллиондук заказ ала баштаганын аныктаган.

Алсак, «ВД Строй-Инжиниринг» Түркстан облусунда ипподром, Кызылордодо «Кайсар Арена» деген футбол стадионун курган, Алматыдагы “Медео” муз тебүүчү жайдын реконструкциясына киришкен.

Дагы караңыз

УКМК Ош шаардык төрөт үйүнүн башчысы кармалганын билдирдиБишкектин мэри электр чыгырыктары тартипке келтирилбесе тыюу салынарын айтты"Алдамчылык" беренеси менен козголгон иш: Президенттин мурдагы кеңешчиси камалды