Өтө оор кылмыштарга шек саналып кармалып, кийин тергөө абагында каза болгон Кумарбек Абдыровдун мурдагы ишин караган үч экс-судья Кайсын Абакиров, Жаңыл Мамбеталы, Сания Бранчаева жана прокурор, адвокат боюнча сот өкүмү чыкты. Бул тууралуу соттон кабарлашты.
Бишкектин Биринчи май райондук сотунун 22-майдагы өкүмүнө ылайык, алардын баары күнөөлүү деп табылды, бирок жоопко тартуу мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу жаза берилген жок.
"Айыпталуучулардын камакка алуу тууралуу бөгөт чарасы өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенче эч жакка кетпөө жөнүндөгү тил катка өзгөртүлдү", - деп айтылды соттун маалыматында.
Экс-судьялар Кайсын Абакиров, Жаңыл Мамбеталы жана Сания Бранчаева Кылмыш-жаза кодексинин 352-беренесинин 1-бөлүмү (“Судья (сот) билип туруп сот адилеттигине жатпаган өкүмдү, чечимди же башка соттук актыны чыгарышы”) боюнча күнөөлүү деп табылды.
М.Д.И. аттуу прокурор Кылмыш-жаза кодексинин 338-беренесинин 1-бөлүгү (“Кызмат адамынын өз ыйгарым укуктарынан аша чабышы”) боюнча күнөөлүү деп табылды.
Дж.С.Т. аттуу адвокат Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (“Алдамчылык”) менен күнөөлүү деп табылды. Адвокатка карата расмий документ жасалмалоо боюнча иш дагы мөөнөт өтүп кеткенине байланыштуу токтотулган.
Экс-судьяларды Ички иштер министрлиги (ИИМ) 2025-жылы 25-ноябрда кармаган. Министрликтин маалыматына караганда, Кумарбек Абдыров 2015-жылы 21 жаштагы кызды өлтүрүүгө аракет кылган деген шек менен кармалып, Бишкектин Октябрь райондук соту аны 12 жылга эркинен ажыраткан. 2016-жылы экинчи инстанция - Бишкек шаардык сотунун ошол кездеги судьялары Кайсын Абакиров, Жаңыл Мамбеталы жана Сания Бранчаева Жазык-процессуалдык кодексти бузуп, жаза мөөнөтүн жеңилдеткен деген кине коюлган. Жыйынтыгында Кумарбек Абдыров үч жылдан кийин абактан чыккан.
ИИМ экс-судьялар шектүүнүн жазасын жеңилдетүүдө анын жакындарынан акча алган жана ага прокурор менен адвокат ортомчу болгон деп эсептейт. Буга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен айып тагылган.
Мурдагы судьялар коюлуп жаткан айыпты четке кагып, 2016-жылы чыккан өкүмгө бир да тарап каршы болуп кийинки инстанцияга кайрылбаганын, ишти кароодо жабырлануучу тосмо арыз жазып бергенин айтышкан.
17 жаштагы Айсулуу Мукашева былтыр 27-сентябрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда Каракол шаарына курбусунукуна кеткен бойдон дайынсыз жоголгон. Ички иштер министрлигинин маалыматында, аны Барскоон айылында 41 жаштагы Кумарбек Абдыров Honda Stream үлгүсүндөгү автоунаасына салып кетип, көл жээгиндеги алма бакта, андан кийин Жеңиш айылындагы атасынын үйүндө зордуктаган. Андан соң Тоң районунун Кажы-Сай айылынын сыртындагы көлмөнүн жанына алып барып мыкаачылык менен муунтуп өлтүргөн. Кийин кыздын сөөгүн Бишкекке баратып Боом капчыгайына ыргытып жиберген.
Милиция Кумарбек Абдыров бир нече жыл бою кыздарды зордуктап өлтүрүп жүргөнүн, жалпы 7 кылмыш боюнча шек саналып жатканын билдирген. Шектүү 2014-жылдын 16-мартында Бишкек шаарынын четиндеги Байтик айылынан сөөгү табылган Камила Дүйшөбаеванын өлүмүнө да тиешеси бар экенин айткан.
Кумарбек Абдыров ушул жылдын февраль айында Бишкектеги №1 тергөө абагында асынып каза болгон.