АКШ президенти Дональд Трамп Польшага кошумча беш миң аскер жөнөтөрүн жазды. Бул билдирүү АКШнын Европадагы аскерлеринин келечектеги саны боюнча түшүнбөстүктөрдү күчөттү. Буга чейин Америка лидери Германиядан 5 миң аскерди чыгарып кетүүнү ниеттенип жатканы маалым болгон. 22-майда Швецияда НАТОнун тышкы иштер министрлери жыйынын өттү. Ага Американын мамлекеттик катчысы Марко Рубио катышты.
Шерине