Курулуш министрлиги Оштогу сейил бактын ураган тосмосу боюнча түшүндүрмө берди

Увам каналынын жээгиндеги кулап калган бетон тосмо. Ош шаары, май, 2026-жыл. Видеодон скриншот.

Ош шаарындагы Монуев көчөсүндө Увам каналынын жээгиндеги сейил бактын бетон тосмосу кулап калганы боюнча Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги түшүндүрмө берди.

Министрлик 23-майда тараткан маалыматка ылайык, Увам каналынын жээгине курулган сейил бак 2025-жылы күзүндө демөөрчүлөрдүн колдоосу менен салынып, пайдаланууга берилген. Долбоор ошол учурдагы мэр Жеңишбек Токторбаев жетекчилик кылган мезгилде ишке ашырылган.

Маалыматта жазылгандай, курулуш иштерин демөөрчү катары “Сапат Курулуш” компаниясы жүргүзүп, объект толугу менен алардын каражатына салынган. Бул долбоорго жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүнгөн эмес.

Ошондой эле курулуш иштеринин техникалык көзөмөлүн жана аткарылган жумуштардын сапатына байланыштуу маселелерди тиешелүү тартипте Ош мэриясы жана курулушту жүргүзгөн тарап көзөмөлдөп келгени белгиленди.

22-май күнү Ош шаарынын тургуну соцтармакка Увам каналынын жээгиндеги сейил бактын бетон конструкциясы урап, айрым бөлүгүндө жарака пайда болгонун айтып, видео билдирүү жарыялаган.

Ош шаарынын борбордук көчөлөрүндөгү “кызыл сызыкка чыгып кеткен" курулуштарды, Ак-Буура дарыясынын, Увам каналынын жээгиндеги корук жерлерди ээлеп, тосуп, салынган курулуштарды буздуруу иштери былтыр, мурдагы мэр Жеңишбек Токторбаевдин тушунда башталган. Мэрия шаарды аралап өткөн дарыя, каналдарды тосуп, ээлеп алгандардын арасында чиновниктер бар экенин билдирген.

Суу жээктериндеги курулуштар сүрдүрүлүп, ордуна сейил бактар курулган.(ZKo)

Дагы караңыз

"Эл үмүтү" программасынын катышуучулары мамлекетке беш жыл иштөөгө милдеттендирилетИнфляциянын өсүшү, капчыкты каккан кымбатчылыкАКШда Улуттук чалгын мекемесинин башчысы кызматтан кетүүгө арыз бердиПрезиденттин мурдагы кеңешчиси камакка алындыМигранттарга орусиялыктар менен никелешүү депортациядан куткарбасы эскертилди