Кытайда көмүр шахтасындагы жарылуудан 90 адам мерт кетти

Газ жарылган жердеги куткаруучулар. Шаньси, Кытай. 23-май, 2026-жыл.

Кытайдын Шаньси провинциясындагы көмүр шахтада жарылуу болду. Акыркы маалыматтар боюнча, 90 адам мерт кеткенин Кытайдын Борбордук телеканалы билдирди.

Газдын жарылуусу жума күнү кечинде шахтада 247 адам бар кезде болгон.

"Синьхуа" агенттиги маалымдагандай, урандылардын алдында тогуз адам калган, издеп-куткаруу иштери уланып жатат.

Кытайдын лидери Си Цзиньпин аман калгандарды куткарууга жана жабыркагандарга жардам берүүгө болгон күчтү үрөөгө чакырды.

Мамлекеттик телеканалдар маалымдашынча, шахтадагы зыян газдын деңгээли "тиешелүү нормадан ашып түшкөн".

Шахтанын жетекчилиги кармалганы кабарланды. Маалыматка ылайык, көмүр шахтасын Tongzhou Group компаниясы башкарат.

Дагы караңыз

Новороссийскиде дрон соккусунан мунай базасында өрт чыктыКурулуш министрлиги Оштогу сейил бактын ураган тосмосу боюнча түшүндүрмө бердиРайондук сот президенттин мурдагы кеңешчиси Кубандыковду эки айга камакка алды"Эл үмүтү" программасынын катышуучулары мамлекетке беш жыл иштөөгө милдеттендирилетИнфляциянын өсүшү, капчыкты каккан кымбатчылык