Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:36

Новороссийскиде дрон соккусунан мунай базасында өрт чыкты

 "Грушовая балка" мунай базасынан чыккан өрт. Орусия. 23-май, 2026-жыл.
"Грушовая балка" мунай базасынан чыккан өрт. Орусия. 23-май, 2026-жыл.

Орусиянын түштүгүндө, Кара деңиздин боюнда жайгашкан Новороссийск аймагында учкучсуз учактын сыныгы мунай базасына түшүп, өрт чыкты. Бир нече техникалык жана администрациялык имараттар күйдү. Сыныктар ошондой эле отун терминалынын аймагына да түшкөнүн Краснодар крайындагы оперативдүү штаб маалымдады.

Astra басылмсы "Грушовая балка" мунай базасында дагы өрт чыкканын аныктады. Андан тышкары дрон чабуулунан кийин Новороссийск жээгине жакын мунай куюучу "Шесхарис" терминалынан түтүн чыккан.

Учурда дрон сыныктары түшкөн маалда көчөдө жүргөн эки адам жабыркаганы маалым, экөө тең бейтапканага жеткирилген.

Мындан тышкары дрон чабуулунун натыйжасында Новороссийск шаарындагы көп кабаттуу эки үйдүн айнектери күбүлгөнү айтылды.

23-майга караган түндө Перм крайы да чабуулга кабылганын аймактын башчысы Дмитрий Махонин билдирди, анын айтуусунда, дрондор өнөр жай ишканаларынын бирине сокку урган. Жабыркагандар жок.

Украиналык Exilenova+ мониторинг Телеграм каналы белгилегендей, дрон Губахадагы "Метафракс" компаниясынын бир комплексин жарактан чыгарган. Өнөр жай аммиак, карбамид жана меламин чыгарууга ыңгайлаштырылган.

Орусиянын Коргоо министрлиги түн ичинде украиналык 348 дрон жок кылынганын билдирди.


Шерине

XS
SM
MD
LG