Манаска өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Сел суулары кирген үй. Манас шаары, Жалал-Абад. 24-май, 2026-жыл.

25-майга караган түнү, саат 23:40 чамасында жааган нөшөрдүн кесепетинен Манас шаарындагы үйлөрдүн жана чарбалык курулуштардын короолорун сел каптады.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) маалымдагандай, баштапкы маалымат боюнча, 27 үйдүн короосун суу каптап, төрт үйдүн ичине жана бир үйдүн жер төлөсүнө суу кирген. Ошондой эле көп кабаттуу жети үйдүн короолоруна жана жер төлөлөрүн сел каптаган.

Селдин кесепеттерин жоюу үчүн ӨКМдин кызматкерлери атайын техникалар тартылган. Аларга жергиликтүү тургунда көмөктөшүүдө.

Кырсыкка байланыштуу шаарга "өзгөчө кырдаал" режими киргизилди. Нөшөрдөн улам Ош шаарында да Раззаков жана Салиева көчөлөрүн суу каптаган. ӨКМдин маалыматында, 24-май күнү саат 22:40та арыктардан ташыган суу бир нече көп кабаттуу үйлөрдүн жер төлөсүнө кирген. ӨКМдин кызматкерлери сууну сордуруп алышкан.

Учурда селдин кесепеттерин аныктоо иштери жүрүп жатканы кабарланды.

ӨКМ май айында нөшөрлүү жаанга байланыштуу сел жүрүү коркунучу бар экенин жана дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү ыктымалдыгын улам эскертип келет.

22-майда Жалал-Абад облусунун Аксы, Ала-Бука, Сузак райондорунда жана Таш-Көмүр, Манас шаарларында сел жүрүп, ички чарбалык жолдорду, көпүрөлөрдү, турак жайларды суу каптаган.

Нөшөрлөп жааган жаандан улам 19-майдын кечинде Караколдо сел жүрүп, көп кабаттуу үйлөрдүн жер төлөлөрүнө, ичине суу кирген.(ZKo)

Дагы караңыз

"Кайткан элди кызыл армия эзип жатат". Үркүндүн ачыла элек өңүттөрү Макрон Лукашенко менен 2022-жылдан бери биринчи ирет сүйлөштүПрезидент Жапаров Кытайдын лидери Си Цзинпинге көңүл айттыЗомбулуктан жабыр тарткандар үчүн “Коопсуз үй” программасы иштелетОш шаарында акча алмаштыруучу жайга кол салууда бир киши каза болдуЭдил Байсалов АКШ президенти Дональд Трампка ишеним грамотасын тапшырды