Депутат Бишкекте нак акча менен жол кире төлөөнү тыюу демилгесин сындады

Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин коомдук транспортто накталай төлөм жүргүзүүнү тыюу демилгесин сынга алды.

Депутат бул тууралуу Фейсбуктагы баракчасына жазып, Конституция боюнча сот - Кыргызстандын улуттук валютасы экенин, аны кабыл албоого административдик жоопкерчилик чегерилерин билдирди.

"Автобустарда нак акча берүүгө тыюу салбаңыз. Бул жүргүнчүлөр үчүн ыңгайсыз гана болбостон, мыйзамсыз дагы. Ал үчүн жеке адамдар - 3 миң сом, мекеме-ишканалар 13 миң сом айып төлөйт. Мен мэрдин транспортто жүрүү акысын ачык кылуу аракетин колдойм, бул туура. Бирок накталай төлөмгө тыюу салуу - туура эмес ыкма", - деп жазды Бекешев.

Депутат автобуста пенсионерлер, окуучулар, банк картасы жана смартфону жок адамдар, чет жактан келгендер жүрөрүн, айрымдарында интернет болбошу ыктымалдыгын белгилеп, "алар төлөмдү кантип жүргүзүшү керек?" деген суроо койгон.

Ал ошондой эле накталай төлөмдү жоюу коррупцияга жол ачышы мүмкүн экенин эскерткен.

Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев мурдараак 1-июлдан тартып, шаардагы муниципалдык транспортто жол кирени накталай төлөөгө тыюу салынарын журналисттерге маалымдаган. Ал эгер жүргүнчү электрондук төлөм жүргүзө албаса, автобуска киргизилбей турганын кошумчалаган.

Учурда Бишкекте автобустарда жүрүү акысы - накталай эмес түрдө төлөнсө 17 сом, накталай түрдө 20 сом.

Мэрия буга чейин жол кире төлөөнүн ачыктыгын камсыздоо максатында коомдук транспортто накталай төлөм менен жүрүү акысын 40 сомго чыгарууну да сунуштаган.(ZKo)

Дагы караңыз

Жетим-Тоо: Өкмөт темир кенине инвестор издеп жататЭдил Байсалов АКШ президенти Дональд Трампка ишеним грамотасын тапшырдыМанаска өзгөчө кырдаал режими киргизилдиМакрон Лукашенко менен 2022-жылдан бери биринчи ирет сүйлөштүПрезидент Жапаров Кытайдын лидери Си Цзинпинге көңүл айтты