26-майдын аба ырайы: Көпчүлүк аймактарда жаан жаайт

26-майда түнкүсүн Нарын облусунун көпчүлүк аймактарында, күндүз Чүй, Талас, Нарын, Ысык-Көл облустарынын дээрлик бардык жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым аймактарында өткүн өтүшү мүмкүн. Ал эми бийик тоолуу райондордо кар жаап, жолдор тайгак болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4–9 метрге, күндүз айрым жерлерде 15–20 метрге чейин жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

  • Чүй өрөөнүндө: түнкүсүн +10…+15°, күндүз +23…+28°;
  • Талас өрөөнүндө: түнкүсүн +8…+13°, күндүз +23…+28°;
  • Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында: түнкүсүн +10…+15°, күндүз +24…+29°;
  • Ысык-Көл облусунда: түнкүсүн +7…+12°, күндүз +18…+23°;
  • Нарын облусунда: түнкүсүн +5…+10°, күндүз +18…+23°.

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4–9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +12…+14°, күндүз +25…+27° болот.

Дагы караңыз

Президент Жапаровдун "бир да кыргызстандык коомдук кеңешчиси жок экени" айтылдыЖогорку Кеңеште кымбатчылык боюнча парламенттик угуу өтүп жататДепутат Бишкекте нак акча менен жол кире төлөөнү тыюу демилгесин сындадыЖетим-Тоо: Өкмөт темир кенине инвестор издеп жататМакрон Лукашенко менен 2022-жылдан бери биринчи ирет сүйлөштүОш шаарында акча алмаштыруучу жайга кол салууда бир киши каза болду