Түркияда полиция башкы оппозициялык партиянын кеңсесине күч менен кирди

Түркиянын атайын полициясы Анкарада кызматтан четтетилген CHP жетекчилигин чыгаруу үчүн оппозициянын штаб-квартирасына күч менен кирүү аракетин көрүүдө. 24-май, 2026-жыл.

Түркияда 24-майда башкы оппозициялык Элдик-республикалык партиянын (CHP) кызматтан четтетилген жетекчилигин башкы кеңсесинен чыгаруу үчүн полиция жаш агызуучу газ колдонуп, имаратка күч менен кирди.

21-майда Түркиянын апелляциялык соту CHP партиясынын 2023-жылдын ноябрында өткөн 38-курултайынын жыйынтыгын “толугу менен жараксыз” деп тапкан. Ал курултайда Өзгүр Өзел партия лидери болуп шайланган эле.

Сот анын ордуна мурдагы төрага Кемал Кылычдароглуну убактылуу кайра кызматка дайындады.

Кылычдароглу 2023-жылдын жазындагы президенттик шайлоодо оппозициядан негизги талапкер болуп чыгып, экинчи айлампада азыркы президент Режеп Тайып Эрдоганга утулуп калган.

“Бизге кол салышты”, — деди Өзгүр Өзел X социалдык тармагына жарыяланган видео кайрылуусунда.

Полициянын операциясынан кийин ал имараттан чыгып, CHP эми “көчөлөрдө, аянттарда бийликке карай жүрүш жасай турганын” айтты.

Андан кийин Өзел тарапташтарын баштап Түркия парламенти тарапка болжол менен алты чакырымдык жүрүш уюштурду.

Ал жерде миңдеген адамдардын алдында сөз сүйлөдү.

Чогулгандар “Саткын Кемал!”, “Сарайдын уулу Кылычдароглу!” деген ураандарды чакырышты.

Өзелдин командасы соттун чечимин “соттук төңкөрүш” деп атап, аны мыйзамдык жол менен жокко чыгаруу үчүн күрөшөрүн билдирген.

Өзел ошондой эле Анкарадагы штабда “күнү-түнү” кала турганын айткан.

Ал партиянын жаңы курултайын мүмкүн болушунча эртерээк өткөрүүгө чакырды.

Ал эми Кемал Кылычдароглу курултай “ылайыктуу убакта” өтөрүн билдирди.

Түркияда кийинки жалпы улуттук шайлоо 2028-жылга белгиленген.

72 жаштагы Эрдоган кайра талапкер болушу үчүн мөөнөтүнөн мурда шайлоо жарыяланышы керек.

Талдоочулардын айтымында, соттун чечими мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү ыктымалдыгын күчөттү.

Өкмөт болсо "сот системасы саясий атаандаштарды бутага алуу үчүн колдонулат" деген сынды четке кагып, сот бийлиги көз карандысыз экенин билдирүүдө.

Дагы караңыз

Өзгөндө 60 үйдүн короосун сел каптады26-майдын аба ырайы: Көпчүлүк аймактарда жаан жаайтҮч жашка чейинки балдарга жөлөкпул төлөө мыйзамына кол коюлду