Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:34

26-майдын аба ырайы: Көпчүлүк аймактарда жаан жаайт

26-майда түнкүсүн Нарын облусунун көпчүлүк аймактарында, күндүз Чүй, Талас, Нарын, Ысык-Көл облустарынын дээрлик бардык жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым аймактарында өткүн өтүшү мүмкүн. Ал эми бийик тоолуу райондордо кар жаап, жолдор тайгак болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4–9 метрге, күндүз айрым жерлерде 15–20 метрге чейин жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

  • Чүй өрөөнүндө: түнкүсүн +10…+15°, күндүз +23…+28°;
  • Талас өрөөнүндө: түнкүсүн +8…+13°, күндүз +23…+28°;
  • Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында: түнкүсүн +10…+15°, күндүз +24…+29°;
  • Ысык-Көл облусунда: түнкүсүн +7…+12°, күндүз +18…+23°;
  • Нарын облусунда: түнкүсүн +5…+10°, күндүз +18…+23°.

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4–9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +12…+14°, күндүз +25…+27° болот.


Шерине

XS
SM
MD
LG