Кыргыз-казак чек арасындагы жүк ташуучу унаа тыгыны боюнча түшүндүрмө берилди

"Ак-Тилек" чек ара бекети. 25-май, 2026-жыл.

Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы "Ак-Тилек" чек ара бекетинин кыргыз тарабында 150дөй жүк ташуучу унаа кезек күтүп турганы тууралуу маалыматтар соцтармактарга тараган. Буга байланыштуу Чек ара кызматы түшүндүрмө таратып, кезек жүк ташуунун мезгилдүү көбөйүшүнөн улам жаралганын билдирди.

Мекеменин басма сөз кызматы кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө бекеттер штаттык режимде иштеп жатканын, кезек Кыргызстандан чыгуучу жүк ташуучу унаалардан түзүлгөнүн белгиледи. Ал эми Кыргызстанга кирүүчү унааларда кезек жок.

Чек ара кызматы өткөрмө бекетинин кызматкерлери адамдарды, жүктөрдү жана унааларды мыйзам жана коопсуздук чегинде болушунча ыкчам тейлеп, өткөрүүгө аракеттенип жатышканын кошумчалады.

Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы айрым өткөрмө бекеттерде жүк ташуучу унаалардын узун кезеги улам жаралып турат. Быйыл февралда ушул эле “Ак-Тилек” чек ара бекетинин жанында унаалардын кезеги жылбай, 20 чакырымдан ашканы айтылган.

3-февралда Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) расмий баракчасы кыргыз-казак чек арасында жүк ташуучу унаалардын кезек күтүүсү боюнча маалымат таратып, казак өкмөтү Кыргызстандан жүк мыйзамсыз өткөн учурлар бар экенин, текшерүү атайын белгиленген убакта аяктай турганын билдиргенин кабарлаган.(ZKo)

Дагы караңыз

Кытайдан келе жаткан эки кыргыз кыз чек арадан Кыргызстанга кирдиТүркияда полиция башкы оппозициялык партиянын кеңсесине күч менен кирдиМенчик мектептер окутуу баасын өкмөт көзөмөлдөшүнө каршы экенин айтыштыӨзгөндө 60 үйдүн короосун сел каптадыҮч жашка чейинки балдарга жөлөкпул төлөө мыйзамына кол коюлду