Жергиликтүү бийликти эл менен тыгыз кызматташууга милдеттендирген жарлык чыкты

Ош шаары. Жергиликтүү бийликтин эл менен жолугушуусу. Архив.

Президент Садыр Жапаров жергиликтүү бийликти эл менен тыгыз кызматташууга жана кайрылууларды өз убагында кароого милдеттендирген жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин администрациясы 25-майда маалымат таратты.

Документте калкка кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу, жашоо-турмушу үчүн шарт түзүү талаптары да коюлган.

“Жарлыкта түз телефон байланыштарын өткөрүү, жарандарды көчмө жеке кабыл алууларды уюштуруу, коомдук кабылдамаларды түзүү, калк менен өз ара аракеттенүүнүн санариптик сервистерин өнүктүрүү, “ишеним телефондорунун” тийиштүү ишин камсыз кылуу, ошондой эле жарандар жана юридикалык жактар менен иштөөдө кызмат адамдарынын кызматтык этикасынын жана жоопкерчилигинин деңгээлин жогорулатуу боюнча чаралар каралган”, - деп жазылган маалыматта.

Мындан тышкары Башкы прокуратурага укук коргоо органдарынын үстүнөн түшкөн арыз-даттанууларга, жалпыга маалымдоо каражаттарында жана интернетке чыккан маалыматтарга байкоо жүргүзүү, чара көрүү милдети коюлду.

Президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, анын облустардагы өкүлдөрү жана шаар мэрлери 11-майдан тартып жер-жерлерде эл менен жолугушууларды өткөрүштү.

Дагы караңыз

АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Арменияга баратКара-Сууда асынган абалда табылган 21 жаштагы келиндин өлүмү иликтенүүдөБеларустун оппозиция лидери Тихановская согуш башталгандан бери алгачкы жолу Киевге бардыМенчик мектептер окутуу баасын өкмөт көзөмөлдөшүнө каршы экенин айтышты